Кыргызча - Philips PerfectCare Performer GC8755/80 User Manual

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 3
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук
пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Шайманды колдонуудан мурун, колдонуучунун нускамасын, маанилүү маалымат китепчесин жана тез
баштоо көрсөтмөсүн кунт коюп окуп чыгыңыз. Аларды келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Philipsтен эксклюзивдүү технология
OptimalTEMP технологиясы
OptimalTEMP технологиясы бардык үтүктөлө турган кездемелерди каалаган тартипте, үтүктүн
температура жөндөөсүн тууралабастан жана кийимдерди сорттобостон эле үтүктөөгө мүмкүнчүлүк
берет.
Үтүктүн ысык таманын үтүк койгучка койбостон, түз эле үтүктөө тактасына койсо болот (Сүр. 2). Бул
сиздин билегиңизге келген күчтү азайтууга жардам берет.
Жыйнактуу ProVelocity Технологиясы
Бул технология үзгүлтүксүз буу чыгарып, бырыштарды оңой кетирүү үчүн буунун тереңирээк киришин
камсыз кылат. (Сүр. 3). Ошол эле учурда, ал шайманды башка кадимки буу генераторлоруна
салыштырмалуу жыйнактуураак жана жеңилирээк кылып, сактоону жеңилдетет.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү (Сүр. 1)
1 Суу жеткирүүчү шланг
2 Буу машасы/Буу көбөйтүү
3 'Үтүк даяр' жарыгы
4 Үтүк таманы
5 Үтүк түпкүчү
6 Бөгөттөөнү алып салуу баскычы
7 Алынуучу суу челеги
8 Суу жеткирүүчү шлангды сактоо бөлүгү
9 Ачакей менен электр шнуру
10 CALC-CLEAN баскычы көрсөткүчү менен
11 Күйүк жана авто-өчүрүү көрсөткүчү менен күйгүзүү/өчүрүү баскычы
12 ECO баскычы жарыгы менен
13 Smart Calc-Clean контейнери
Колдонууга даярдоо
Колдонула турган суунун түрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору болгон
аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шайманыңыздын иштөө мөөнөтүн
узартуу үчүн, тузсуздандырылган же минералсыздандырылган сууну колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат,
үтүктөө каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды
колдонбоңуз. Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна
алып келиши мүмкүн.
Суу челегин толтуруу
1 Суу челегин ар бир колдонуунун алдында же суу челегиндеги суунун деңгээли минималдуу
белгиден ылдый түшкөндө толтуруңуз. Суу челегин колдонуу учурунда каалаган убакта кайра
толтура аласыз.
2 Суу челегин шаймандан чыгарыңыз (Сүр. 4).
Кыргызча
147

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents