Кыргызча - Philips PerfectCare PSG7014/10 User Manual

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
Кыргызча
125
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук
пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Шайманды колдонуудан мурун, колдонуучунун нускамасын, маанилүү маалымат китепчесин жана тез
баштоо көрсөтмөсүн кунт коюп окуп чыгыңыз. Аларды келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү (Сүр. 1)
1 Буу жеткирүүчү шланг
2 Буу машасы/Буу көбөйтүү
3 "Үтүк даяр" жарыгы
4 Үтүк таманы
5 Үтүк түпкүчү
6 Бөгөттөөнү алып салуу баскычы
7 Алынуучу суу челеги
8 Толтуруу көзөнөгү
9 Буу жеткирүүчү шлангды сактоочу бөлүк
10 EASY DECALC сарпкапкагы
11 Ачакей менен электр шнуру
12 EASY DECALC көрсөткүчү
13 'Суу челеги бош' жарыгы
14 Күйүк жана авто-өчүрүү жарыгы менен күйгүзүү/өчүрүү баскычы
Колдонууга даярдоо
Колдонула турган суунун түрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору
болгон аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шаймандын иштөө
мөөнөтүн узартуу үчүн, тузсуздандырылган же диминералдаштырылган сууну (ошондой эле 50%
тузсуздандырылган же диминералдаштырылган сууга кадимки сууну кошуп колдонсо дагы болот)
колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат,
үтүктөө каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды
колдонбоңуз. Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна
алып келиши мүмкүн.
Суу челегин толтуруу
Ар бир колдонууга чейин же 'суу челеги бош' көрсөткүчү күйгөндө суу челегин толтуруңуз. Суу
челегин колдонуу учурунда каалаган убакта кайра толтура аласыз.
1 Суу челегин шаймандан чыгарып (Сүр. 2) MAX белгисине чейин суу менен толтуруңуз (Сүр. 3).
2 Биринчи ылдыйкы бөлүгүн шайманга киргизүү менен суу челегин кайра шайманга салыңыз.
3 Суу челегинин үстүңкү бөлүгүн ордуна бекимейинче ('чык') түртүңүз (Сүр. 4).
Суу челеги бош көрсөткүчү
Суу челеги дээрлик бош болуп калганда, 'суу челеги бош' көрсөткүчү күйөт (Сүр. 5). Суу челегин
толтуруп, шайманды кайра ысытуу үчүн буу чыгаруу машасын басыңыз. 'Үтүк даяр' көрсөткүчү
токтобой күйүп турса, буу менен үтүктөөнү уланта берсеңиз болот.

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Perfectcare 7000 seriesPerfectcare psg7024/20

Table of Contents