Philips PerfectCare Performer GC8755/80 User Manual page 147

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 3
Үтүк менен илинип турган кездемелердеги бырыштарды тигинен үтүктөп жаза аласыз.
1 Үтүктү тигинен кармап, буу машасын басып, кийимге үтүктүн таманын акырын тийгизип, үтүктү
өйдө-ылдый жылдырыңыз (Сүр. 14).
Коопсуз коюу
Кийимди аңтарып жатканда үтүктү коюп коюу
Кийимиңизди аңтарып жатканда, үтүктү үтүк койгучка же үтүктөө тактасына туурасынан коюп
койсоңуз болот (Сүр. 2). OptimalTEMP технологиясы үтүк таманы үтүктөө тактасынын кабын бузуп
салбоосун камсыз кылат.
Энергияны үнөмдөө
ECO режими
ECO режимин (аз өлчөмдөгү буу) колдонуу менен, үтүктөө натыйжасына таасирин тийгизбестен
энергияны үнөмдөсөңүз болот.
1 ECO режимин күйгүзүү үчүн, ECO баскычын басыңыз (Сүр. 15). Жашыл ECO көрсөткүчү күйөт.
2 ECO режимин өчүрүү үчүн, ЕCO баскычын кайра басыңыз. Жашыл ECO көрсөткүчү өчөт.
Авто-өчүү (айрым түрлөрүндө гана)
-
Эгер шайман 5 мүнөт колдонулбай турса, энергияны үнөмдөө үчүн ал автоматтык түрдө өчөт.
Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы авто-өчүрүү жарыгы күйүп өчө баштайт.
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. Шайман кайра ысый баштайт.
Көңүл буруңуз: Шайман электр тармагына туташып турганда, аны эч качан көзөмөлсүз
калтырбаңыз. Колдонуп бүткөндөң кийин шайманды дайыма сууруп коюңуз.
Тазалоо жана тейлөө
Smart Calc-Clean Системасы
Шайман кебээрден тазалоо үчүн жана тазалоо маал-маалы менен аткарылышын камсыз кылуу үчүн,
Smart Calc-Clean Системасы менен жабдылган. Бул буунун жакшы чыгышын камсыз кылып, убакыттын
өтүшү менен үтүктүн таманынан кир нерселер жана тактардын чыгышына жол бербейт. Тазалоо
процесси аткарылып жатканын билдирүү үчүн, буу генератору маал-маалы менен эскертүүлөрдү
берип турат.
Үн жана жарык менен Calc-Clean тууралуу эскертүү
Колдонуп баштагандан 1 айдан 3 айга чейин, Calc-Clean көрсөткүчү күйүп-өчүп, шайман үн чыгарып,
Calc-Clean процессин аткаруу керектиги тууралуу эскертет (Сүр. 16).
Андан сырткары, буу генераторун кебээрдин чогулуп калышынан коргоо үчүн кошумча коргоо
механизми киргизилген: кебээрден тазалабаса, буу функциясы иштебей калат (Сүр. 17). Кебээрден
тазалагандан кийин, буу функциясы калыбына келет. Бул колдонулган суунун түрүнө карабастан
болот.
Эскертүү: Calc-Clean функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү көрсөткүч
күйө электе дагы.
Calc-Clean процессин Calc-Clean контейнери менен аткаруу
Көңүл буруңуз: Calc-Clean жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Көңүл буруңуз: Calc-Clean процессин дайыма Calc-Clean контейнери менен аткарыңыз. Процесс
учурунда үтүктү Calc-Clean контейнеринен албаңыз, анткени үтүктүн таманынан ысык суу жана
буу чыгат.
Кыргызча
149

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents