Philips PerfectCare Performer GC8755/80 User Manual page 148

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 3
Кыргызча
150
1 Суу челегин жарымына чейин толтуруңуз (Сүр. 18).
Эскертүү: Calc-Clean учурунда шайман розеткага сайылуу жана КҮЙҮК экенин текшериңиз.
2 Calc-Clean контейнерин үтүктөө тактасына же башка түз, туруктуу жерге коюңуз (Сүр. 19).
3 Үтүктү Calc-Clean контейнерине түз кылып коюңуз (Сүр. 20).
4 CALC-CLEAN баскычын басып, кыска үн чыккыча 2 секунд кармап туруңуз (Сүр. 21).
Эскертүү: Calc-Clean контейнери Calc-Clean процесси учурунда кебээр бөлүкчөлөрүн жана ысык
сууну чогултуу үчүн арналган. Процесс учурунда үтүктү контейнерге коюу коопсуз болуп саналат.
5 Calc-Clean процесинде кыска үн сигналдарын жана насостун үнүн угасыз (Сүр. 22).
6 Шайман процессти аяктаганга чейин болжол менен 2 мүнөт күтүп туруңуз. Calc-Clean процесси
аяктагандан кийин, үтүк үн чыгарбай, CALC-CLEAN көрсөткүчү күйүп-өчпөй калат. (Сүр. 23).
7 Үтүктү чүпүрөк менен сүртүп, кайра койгучка коюңуз (Сүр. 24).
Абайлаңыз: Үтүк ысык.
8 Calc-Clean процессинде Calc-Clean контейнери ысып кеткендиктен, болжол менен. 5 мүнөткө
чейин ага тийбеңиз. Андан кийин Calc-Clean контейнерин жуунгучка алып барып, бошотуп, кийин
колдонууга сактап коюңуз (Сүр. 25).
9 Керек болгон учурда, 1ден 8ге чейинки кадамдарды кайталап койсоңуз болот. Calc-Clean
контейнерин Calc-Clean процессин баштаганга чейин бошотконуңузду текшериңиз.
Эскертүү: Calc-Clean процессинде, эгер үтүктүн ичине эч кандай кебээр чогулбаса, үтүктүн
таманынан таза суу агып чыгышы мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш
Үтүктү кебээрден кантип тазалоо жана ага кандай кам көрүү керектиги тууралуу көбүрөөк маалымат
алуу үчүн, бул шилтемедеги видеолорду көрүңүз: http://www.philips.com/descaling-iron.
Үтүктүн таманын тазалоо
Шайманды жакшы абалда кармоо үчүн, аны маал-маалы менен тазалап туруңуз.
1 Шайманды ным чүпүрөк менен тазалаңыз.
2 Тактарды оңой жана натыйжалуу түрдө кетирүү үчүн, үтүктүн таманын ысытып, үтүктү ным
чүпүрөккө басып, жылдырыңыз (Сүр. 26).
Кеңеш: Үтүктөө жылмакай болуусу үчүн, үтүктүн таманын тез-тезден тазалап туруңуз.
Сактоо
1 Буу генераторун өчүрүп, андан соң розеткадан сууруңуз.
2 Суу челегиндеги сууну жуунгучка төгүңүз (Сүр. 27).
3 Суу жеткирүү шлангын бүктөңүз. Суу жеткирүү шлангын сактоо бөлүгүнүн ичине ороп, сактоо
илмегинин ичине бекитиңиз (Сүр. 28).
4 Электр шнурун ороп, Velcro лентасы менен байлаңыз (Сүр. 29).
5 Үтүктү үтүк койгучка кулпулап бекитүү үчүн, бөгөттөөнү алып салуу баскычын басыңыз (Сүр. 30).
6 Үтүк үтүк койгучка бекитилип турган кезде, аны туткасынан кармап бир колуңуз менен көтөрүп
жүрсөңүз болот (Сүр. 31).
Мүчүлүштүктөрдү жоюу
Бул бөлүм сиз шайманды иштетүүдө кез келген жалпы көйгөйлөрдү камтыйт. Эгер көйгөйдү
төмөндөгү маалымат менен чече албасаңыз, www.philips.com/support баракчасынан көп берилүүчү
суроолорду караңыз же өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз.

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents