Philips PerfectCare Performer GC8755/80 User Manual page 146

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 3
Кыргызча
148
3 Суу челегин MAX көрсөткүчүнө чейин толтуруңуз (Сүр. 5).
4 Биринчи ылдыйкы бөлүгүн шайманга киргизүү менен суу челегин кайра шайманга салыңыз.
5 Суу челегинин үстүңкү бөлүгүн ордуна бекимейинче ('чык') түртүңүз (Сүр. 6).
Шайманды колдонуу
Үтүктөлүүчү кездемелер
Көңүл буруңуз: Үтүктөөгө болбой турган кездемелерди үтүктөбөңүз.
-
Бул белгилер бар кездемелерди үтүктөсө болот, мисалы чыт, пахта, полиэстер, жибек, жүн, вискоза
жана жасалма жибек (Сүр. 7).
-
Бул белги коюлган кездемелерди үтүктөөгө болбойт (Сүр. 8). Бул кездемелерге спандекс же
эластан сыяктуу синтетикалык кездемелер, спандекс кошулган кездемелер жана полиолефиндер
кирет (мис.полипропилен). Кийимдеги сүрөттөрдү дагы үтүктөсө болбойт.
Үтүктөө
1 Буу генераторун туруктуу жана түз жерге коюңуз.
Эскертүү: Үтүктөө коопсуз болушу үчүн, үтүктүн түпкүчүн дайыма туруктуу үтүктөө тактасына
коюуну сунуштайбыз.
2 Суу челегинде жетиштүү суу бар экенин текшериңиз.
3 Буу генераторун күйгүзүү үчүн, электр шнурунун ачакейин жерге туташтырылган розеткага сайып,
күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. 'Үтүк даяр' жарыгы токтобой күйгүчө күтө туруңуз (Сүр. 9). Бул
болжол менен 2 мүнөт созулат.
4 Суу жеткирүү шлангын сактоо бөлүгүнөн чыгарыңыз.
5 Үтүктү үтүк түпкүчүнөн чечүү үчүн, бөгөттөөнү алып салуу баскычын басыңыз (Сүр. 10).
6 Үтүктөп баштоо үчүн буу машасын басып, кармап туруңуз (Сүр. 11).
Көңүл буруңуз: Бууну эч качан адамдарга багыттабаңыз.
7 Эң жакшы үтүктөө натыйжасына жетүү үчүн, буу менен үтүктөгөндөн кийин, акыркы үтүктөөнү
буусуз аткарыңыз.
Эскертүү: Шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда, буу шаймандан 30 секунддан кийин чыгышы
мүмкүн.
Эскертүү: Буу машасын баскан сайын насос иштеп турат. Ал акырын кырылдаган үн чыгарат, бул
кадимки нерсе. Суу челегинде суу калбай калганда, насостун үнү катуураак чыгат. Суу деңгээли
минималдуу белгиден ылдый түшкөндө, суу челегин суу менен толтуруңуз.
Күчтүүрөөк буу үчүн, TURBO буу режимин колдонсоңуз болот. Ал бардык үтүктөөгө боло турган
кездемелерге коопсуз болуп эсептелет.
Кебез, джинсы жана чыт сыяктуу кездемелер үчүн, TURBO буу режимин колдонуу сунушталат.
1 Көрсөткүч ак болуп күйгүчө күйгүзүү/өчүрүү баскычын 2 секунд басып туруңуз.
2 TURBO режимин өчүрүү үчүн, көрсөткүч көк болуп күйгүчө күйгүзүү/өчүрүү баскычын кайра басып,
2 секунд кармап туруңуз.
Бууну көбөйтүү функциясы
Бууну көбөйтүү функциясын катуу бырыштарды кетирүү үчүн колдонуңуз.
1 Буу машасын тезден эки жолу басыңыз (Сүр. 12).
Тигинен үтүктөө
Көңүл буруңуз: Үтүктөн ысык буу чыгат. Бирөө кийип турган кийимдеги бырыштарды
кетирүүгө эч качан аракет кылбаңыз (Сүр. 13). Бууну өзүңүздүн же башкалардын колуна
багыттабаңыз.

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents