Кыргызча - Philips GC6804/26 User Manual

Hide thumbs Also See for GC6804/26:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
148
Кыргызча
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук
пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Шайманды колдонуудан мурун, колдонуучунун нускамасын, маанилүү маалымат китепчесин жана тез
баштоо көрсөтмөсүн кунт коюп окуп чыгыңыз. Аларды келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү (Сүр. 1)
1 Үтүк таманы
2 "Үтүк даяр" жарыгы
3 Буу машасы/Буу көбөйтүү
4 Суу жеткирүүчү шланг
5 Суу челегин толтуруу эшиги
6 Ташыма кулпуну чечүү баскычы (GC6819, GC6820, GC6830, жана GC6840 серияларында гана)
7 Үтүк түпкүчү
8 Күйүк жана өчүк жарыгы менен күйгүзүү/өчүрүү баскычы
9 CALC-CLEAN баскычы жарыгы менен
10 Ачакей менен электр шнуру
11 Суу жеткирүү шлангын жана электр шнурун сактоо бөлүгү
12 Smart Calc-Clean контейнери
Philips'тен эксклюзивдүү технология
OptimalTEMP технологиясы
OptimalTEMP технологиясы бардык үтүктөлө турган кездемелерди каалаган тартипте, үтүктүн
температура жөндөөсүн тууралабастан жана кийимдерди сорттобостон эле үтүктөөгө мүмкүнчүлүк
берет.
Үтүктүн ысык таманын үтүк түпкүчүнө койбостон, түз эле үтүктөө тактасына (Сүр. 2) койсо, коопсуздук
жаралбайт. Бул сиздин билегиңизге келген күчтү азайтууга жардам берет.
Жыйнактуу ProVelocity технологиясы
Бул технология үзгүлтүксүз буу чыгарып, бырыштарды оңой кетирүү үчүн буунун тереңирээк киришин
камсыз кылат. Ошол эле учурда, ал шайманды башка кадимки буу генераторлоруна салыштырмалуу
жыйнактуураак кылып, сактоону жеңилдетет.
Колдонууга даярдоо
Колдонула турган суунун түрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору болгон
аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шайманыңыздын иштөө мөөнөтүн
узартуу үчүн, тузсуздандырылган же минералсыздандырылган сууну колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат,
үтүктөө каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды
колдонбоңуз. Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна
алып келиши мүмкүн.
Суу челегин толтуруу
Суу челегин ар бир колдонуунун алдында же суу челегиндеги суунун деңгээли минималдуу
деңгээлден ылдый түшкөндө толтуруңуз. Суу челегин колдонуу учурунда каалаган убакта кайра
толтура аласыз.
1 Суу челегин толтуруу эшигин ачыңыз (Сүр. 3).

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc6800 series

Table of Contents