Philips GC6804/26 User Manual page 149

Hide thumbs Also See for GC6804/26:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
Эскертүү: Calc-Clean контейнери Calc-Clean процесси учурунда кебээр бөлүкчөлөрүн жана ысык
сууну чогултууга арналган. Процесс учурунда үтүктү контейнерге коюу коопсуз болуп саналат.
5 Calc-Clean процессинде кыска үн сигналдарын жана насостун үнүн угасыз (Сүр. 17).
6 Шайман процессти аяктаганча болжол менен 2 мүнөт күтүп туруңуз (Сүр. 18). Calc-Clean процесси
аяктагандан кийин, үтүк үн чыгарбай, CALC-CLEAN көрсөткүчү күйүп-өчпөй калат.
7 Үтүктү чүпүрөк менен сүртүп, кайра койгучка коюңуз (Сүр. 19).
Абайлаңыз: Үтүк ысык.
8 Кебээрден тазалоо учурунда Calc-Clean контейнери ысып кеткендиктен, ага 5 мүнөттөй тийбей
туруңуз. Андан кийин Calc-Clean контейнерин жуунгучка алып барып, бошотуп, кийин колдонууга
сактап коюңуз (Сүр. 20).
9 Керек болгон учурда, 1ден 8ге чейинки кадамдарды кайталап койсоңуз болот. Calc-Clean
контейнерин Calc-Clean процессин баштаганга чейин бошотконуңузду текшериңиз.
Эскертүү: Calc-Clean учурунда, эгер үтүктүн ичине эч кандай кебээр чогулбаса, үтүктүн таманынан
таза суу агып чыгышы мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш
Үтүктү кебээрден кантип тазалоо жана ага кандай кам көрүү керектиги тууралуу көбүрөөк маалымат
алуу үчүн, бул шилтемедеги видеолорду көрүңүз: http://www.philips.com/descaling-iron.
Үтүктүн таманын тазалоо
Шайманды жакшы абалда кармоо үчүн, аны маал-маалы менен тазалап туруңуз.
1 Шайманды ным чүпүрөк менен тазалаңыз.
2 Тактарды оңой жана натыйжалуу түрдө кетирүү үчүн, үтүктүн таманын ысытып, үтүктү ным
чүпүрөккө басып, жылдырыңыз (Сүр. 21).
Кеңеш: Үтүктөө жылмакай болуусу үчүн, үтүктүн таманын тез-тезден тазалап туруңуз.
Сактоо
1 Шайманды өчүрүп, андан соң розеткадан сууруңуз.
2 Суу челегиндеги сууну жуунгучка төгүңүз (Сүр. 22).
3 Электр шнурун жана суу жеткирүү шлангын чогуу ороңуз. Аларды сактоо бөлүгүнө түртүп
киргизиңиз (Сүр. 23).
4 GC6819, GC6820, GC6830 жана GC6840 сериялары үчүн гана: үтүктү үтүк түпкүчүнө бекитүү үчүн,
ташыма кулпуну түртүңүз (Сүр. 24). Үтүк үтүк койгучка бекитилип турганда аны колуңуз менен
көтөрүп жүрө аласыз (Сүр. 25).
Мүчүлүштүктөрдү жоюу
Бул бөлүм сиз шайманды иштетүүдө кез келген жалпы көйгөйлөрдү камтыйт. Эгер көйгөйдү
төмөндөгү маалымат менен чече албасаңыз, www.philips.com/support баракчасынан көп берилүүчү
суроолорду караңыз же өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз.
Көйгөй
Болжолдуу себеби
Үтүктөн эч кандай
Суу челегинде суу жетишсиз.
буу чыкпай жатат.
Сиз буу машасын баскан жоксуз.
Calc-Clean процессин аткаргыча
буу функциясы иштебей калган.
Чечим
Суу челегин MIN белгисинен ашырып
толтуруңуз. Буу чыккыча буу машасын
басып, кармап туруңуз. Буу 30 секунддан
кийин чыгышы мүмкүн.
Буу чыккыча буу машасын басып, кармап
туруңуз.
Буу функциясын калыбына келтирүү
үчүн, Calc-Clean процессин аткарыңыз.
("Тазалоо жана тейлөө" бөлүмүн
караңыз)
Кыргызча
151

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc6800 series

Table of Contents