Philips GC6804/26 User Manual page 148

Hide thumbs Also See for GC6804/26:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
150
Кыргызча
Коопсуз коюу
Кийимди аңтарып жатканда үтүктү коюп коюу
Кийимиңизди аңтарып жатканда, үтүктү үтүк түпкүчүнө же үтүктөө тактасына туурасынан коюп
койсоңуз болот (Сүр. 2). OptimalTEMP технологиясы үтүк таманы үтүктөө тактасынын кабын бузуп
салбоосун камсыз кылат.
Автоматтык түрдө өчүү
-
Эгер шайман 5 мүнөткө чейин колдонулбаса, ал күтүү режимине өтөт. Күйгүзүү/өчүрүү
баскычындагы көрсөткүч күйүп өчө баштайт.
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын же буу машасын басыңыз. Шайман
кайра ысый баштайт.
-
Күтүү режимине өткөндөн кийин дагы 10 мүнөт колдонулбаса, шайман автоматтык түрдө өчөт.
Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы көрсөткүч өчөт.
Көңүл буруңуз: Шайман электр тармагына туташып турганда, аны эч качан көзөмөлсүз
калтырбаңыз. Колдонуп бүткөндөң кийин шайманды дайыма сууруп коюңуз.
Тазалоо жана тейлөө
Smart Calc-Clean Системасы
Шайман кебээрден тазалоо үчүн жана тазалоо маал-маалы менен аткарылышын камсыз кылуу үчүн
Smart Calc-Clean Системасы менен жабдылган. Бул буунун жакшы чыгышын камсыз кылып, убакыттын
өтүшү менен үтүктүн таманынан кир нерселер менен тактардын чыгышына жол бербейт. Тазалоо
процесси аткарылып жатканын билдирүү үчүн, шайман маал-маалы менен эскертүүлөрдү берип
турат.
Үн жана жарык менен Calc-Clean эскертүүсү
Колдонуп баштагандан 1 айдан 3 айга чейин, кебээрден тазалоо көрсөткүчү күйүп-өчүп, шайман үн
чыгарып, шайманды кебээрден тазалоо керектиги тууралуу эскертет (Сүр. 13).
Андан сырткары, шайманды кебээрдин чогулуп калышынан коргоо үчүн кошумча коргоо механизми
киргизилген: кебээрден тазалабаса, буу функциясы иштебей калат (Сүр. 14). Кебээрден тазалагандан
кийин, буу функциясы калыбына келет. Бул колдонулган суунун түрүнө карабастан боло турган нерсе.
Эскертүү: Calc-Clean функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү көрсөткүч
күйө электе дагы.
Calc-Clean процессин Calc-Clean контейнери менен аткаруу
Көңүл буруңуз: Calc-Clean жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Көңүл буруңуз: Calc-Clean процессин дайыма Calc-Clean контейнери менен аткарыңыз. Процесс
учурунда үтүктү Calc-Clean контейнеринен албаңыз, анткени үтүктүн таманынан ысык суу жана
буу чыгат.
1 Суу челегин жарымына чейин толтуруңуз.
Эскертүү: Calc-Clean учурунда шайман розеткага сайылуу жана КҮЙҮК экенин текшериңиз.
2 Calc-Clean контейнерин үтүктөө тактасына же башка түз, туруктуу жерге коюңуз.
3 Үтүктү Calc-Clean контейнерине түз кылып коюңуз (Сүр. 15).
4 CALC-CLEAN баскычын басып, кыска үн чыккыча 2 секунд кармап туруңуз (Сүр. 16).

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc6800 series

Table of Contents