Кыргызча - Philips GC7930/30 User Manual

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 5
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук
пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Шайманды колдонуудан мурун, колдонуучунун нускамасын, маанилүү маалымат китепчесин жана тез
баштоо көрсөтмөсүн кунт коюп окуп чыгыңыз. Аларды келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү (Сүр. 1)
1 Үтүк таманы
2 'Үтүк даяр' жарыгы
3 Буу машасы/Буу көбөйтүү
4 Суу жеткирүүчү шланг
5 Үтүк түпкүчү
6 Бөгөттөөнү алып салуу баскычы
7 Суу челегин чыгаруу рычагы
8 Толтуруу көзөнөгү
9 Алынуучу суу челеги
10 Суу жеткирүүчү шлангды сактоо бөлүгү
11 Ачакей менен электр шнуру
12 Smart Calc-Clean контейнери
13 CALC-CLEAN баскычы көрсөткүчү менен
14 Күйүк жана авто-өчүрүү көрсөткүчү менен күйгүзүү/өчүрүү баскычы
Колдонууга даярдоо
Колдонула турган суунун түрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору
болгон аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шаймандын иштөө
мөөнөтүн узартуу үчүн, тузсуздандырылган же диминералдаштырылган сууну (ошондой эле 50%
тузсуздандырылган же диминералдаштырылган сууга кадимки сууну кошуп колдонсо дагы болот)
колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат,
үтүктөө каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды
колдонбоңуз. Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна
алып келиши мүмкүн.
Суу челегин толтуруу
Суу челегин ар бир колдонуунун алдында же суу челегиндеги суунун деңгээли минималдуу белгиден
ылдый түшкөндө толтуруңуз. Суу челегин колдонуу учурунда каалаган убакта кайра толтура аласыз.
1 Суу челегинин туткасындагы рычагды басып, суу челегин корпустан чыгарыңыз (Сүр. 2).
2 Суу челегин MAX көрсөткүчүнө чейин толтуруңуз (Сүр. 3).
3 Суу челеги ордуна бекимейинче аны кайра шайманга түртүңүз ("чык").
Шайманды колдонуу
Үтүктөлүүчү кездемелер
Үтүктөөгө болбой турган кездемелерди үтүктөбөңүз.
-
Бул белгилер бар кездемелерди (Сүр. 4) үтүктөсө болот, мисалы чыт, пахта, полиэстер, жибек, жүн,
вискоза жана жасалма жибек.
-
Бул белги бар кездемелерди (Сүр. 5) үтүктөсө болбойт. Бул кездемелерге спандекс же эластан
сыяктуу синтетикалык кездемелер, спандекс кошулган кездемелер жана полиолефиндер кирет
(мис.полипропилен). Кийимдеги сүрөттөрдү дагы үтүктөсө болбойт.
Кыргызча
111

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc7900 series

Table of Contents