Philips GC6804/26 User Manual page 147

Hide thumbs Also See for GC6804/26:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
2 Суу челегин МАКС. көрсөткүчүнө чейин толтуруңуз (Сүр. 4).
3 Суу челегин толтуруу эшигин жабыңыз ("чык").
Шайманды колдонуу
Үтүктөлүүчү кездемелер
Үтүктөөгө болбой турган кездемелерди үтүктөбөңүз.
-
Бул белгилер бар кездемелерди (Сүр. 5) үтүктөсө болот, мисалы чыт, пахта, полиэстер, жибек, жүн,
вискоза жана жасалма жибек.
-
Бул белги бар кездемелерди (Сүр. 6) үтүктөсө болбойт. Бул кездемелерге спандекс же эластан
сыяктуу синтетикалык кездемелер, спандекс кошулган кездемелер жана полиолефиндер кирет
(мис. полипропилен). Кийимдердеги сүрөттөрдү дагы үтүктөсө болбойт.
Үтүктөө
1 Шайманды туруктуу, түз жерге коюңуз.
Эскертүү: Үтүктөө коопсуз болушу үчүн, үтүктүн түпкүчүн дайыма туруктуу үтүктөө тактасына
коюуну сунуштайбыз.
2 Суу челегинде жетиштүү суу бар экенин текшериңиз.
3 Электр шнурун жана суу жеткирүү шлангын сактоо бөлүгүнөн чыгарыңыз.
4 Электр ачакейин жерге кошулган дубал розеткасына сайып, шайманды күйгүзүү үчүн күйгүзүү/
өчүрүү баскычын басыңыз. 'Үтүк даяр' көрсөткүчү токтобой күйгүчө күтүп туруңуз (Сүр. 7). Бул
болжол менен 2 мүнөт созулат.
5 GC6819, GC6820, GC6830 жана GC6840 сериялары үчүн гана: үтүктү үтүк түпкүчүнөн чечүү үчүн,
ташыма кулпуну чечүү баскычын басыңыз (Сүр. 8).
6 Үтүктөп баштоо үчүн буу машасын басып, кармап туруңуз. (Сүр. 9).
Эскертүү: Эң жакшы үтүктөө натыйжаларына жетүү үчүн, буу менен үтүктөгөндөн кийин, акыркы
үтүктөөнү буусуз аткарыңыз.
Көңүл буруңуз: Бууну эч качан адамдарга багыттабаңыз.
Эскертүү: Шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда, буу шаймандан 30 секунддан кийин
чыгышы мүмкүн.
Эскертүү: Буу машасын баскан сайын насос иштеп турат. Ал бир аз кырылдаган үн чыгарат, бул
кадимки нерсе. Суу челегинде суу калбай калганда, насостун үнү катуураак чыгат. Суу деңгээли
минималдуу белгиден ылдый түшкөндө суу челегин суу менен толтуруңуз.
Бууну көбөйтүү функциясы
1 Буунун күчтүү соккусун чыгаруу үчүн буу машасын 3 секунд басып туруңуз (Сүр. 10).
Эскертүү: бууну көбөйтүү функциясын катуу бырыштарга гана колдонуу сунушталат.
Тигинен үтүктөө
Көңүл буруңуз: Үтүктөн ысык буу чыгат. Бирөө кийип турган кийимдеги бырыштарды
кетирүүгө эч качан аракет кылбаңыз (Сүр. 11). Бууну өзүңүздүн же башкалардын колуна
жакын багыттабаңыз.
Буу менен үтүктөө аркылуу илинип турган кездемелердеги бырыштарды тигинен үтүктөп жаза аласыз.
1 Үтүктү тигинен кармап, буу машасын басып, кийимге үтүктүн таманын акырын тийгизип, үтүктү
өйдө-ылдый жылдырыңыз (Сүр. 12).
Кыргызча
149

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc6800 series

Table of Contents