Metabo KGS 216 Original Instructions Manual page 126

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 12
ky
КЫРГЫЗЧА
Тартуучу шайман колдонулбай турганда аны
бекитүүчү винт (13) менен арткы абалга
бекитип коюу керек.
7.7 Кесүү тереңдигин чектөөчү
шайман
Кесүү тереңдигин чектөөчү шайман (50)
тартуучу шайман менен бирге оюк кесүү үчүн
колдонулат.
Орнотуучу винтти бурап, аны контргайка
менен бекитиңиз. Тирөөч (51) артка жылганда
кесүү тереңдигин чектөөчү шайман активсиз
абалга келет.
8. Ишке киргизүү
8.1 Чамынды мүшөгүн /
кесиндилерди тазалоо аспабын
туташтыруу
Кооптуулук!
Дарак чаңынын кээ бирлери (мисалы, дуб, бук
жана ясень тактайлары) дем менен жутуп
алганда рак оорусуна алып келиши мүмкүн.
– Иштеп жатканда сөзсүз түрдө ылайыктуу
кесинди тазалоочу аспаптарды колдонуңуз.
– Жыгач чаңынын баарын кармап, тазалоо
мүмкүн болбогондуктан чаңдан коргоочу
респиратор колдонуңуз.
– Чаң мүшөгүн тез-тез бошотуп туруңуз.
Бошотуп жатканда чаңдан коргоочу
респиратор колдонуңуз.
Жеткирилген комплекттеги чаң мүшөктүү
шайманды ишке киргизип жатканда:
· Чаң мүшөгүн (2) сормо түтүккө (3) коюңуз.
Чамынды мүшөгүнүн сыдырмасы (1) жабык
экенин тактаңыз.
Эгер аспапты чаң тазалоочу шайманга кошуп
жатсаңыз:
· Чамынды сормо түтүккө кошуу үчүн
ылайыктуу адаптерди колдонуңуз (12.
„Аксессуарлар" бөлүмүн караңыз).
· Кесинди тазалоочу шайманды орнотуу 16.
«Техникалык шарттары» бөлүмүндө
келтирилген талаптарга жооп берээрин
текшериңиз.
· Андан тышкары кесинди тазалоо шайманын
колдонуу боюнча эрежелерди карманыңыз!
8.2 Материалдын тарттыруучу
аспабын орнотуу
Материалдын тарттыруучу аспабын (15)
орнотуу эки абалда болуусу мүмкүн:
– Жазы материалдар үчүн:
Материалдын тарттыруучу аспабын столдун
арткы көзөнөгүнө (37) коюңуз.
– Ичке материалдар үчүн:
Материалдын тарттыруучу аспабын столдун
алдыңкы көзөнөгүнө (38) коюңуз.
8.3 Атайын тармак аспабы үчүн
Кооптуулук! Электр чыңалуусу
Аспапты бир гана төмөнкү талаптарга жооп
берген кубат булагына туташтырыңыз (16.
"Техникалык шарттары" бөлүмүн да караңыз):
– Электр кубатынын чыңалуусу жана
жыштыгы заводдук тактайчада
көрсөтүлгөндөргө дал келүүсү зарыл:
– Аспапты агып кетме токтон коргоочу 30 мА
автомат менен корголот;
– Розетка талаптагыдай орнотулуп,
жердетилип жана текшерилиши керек.
· Тармак кабели иштеп жатканда тоскоол
болбогудай жана үзүлүп калбагыдай болуп
коюлушу керек.
· Узарткыч катары бир гана резина менен
изоляцияланган жана кесилиши (3 × 1,5 мм
жетиштүү кабель колдонуңуз.
· Сыртта иштөө үчүн узарткычтарды
колдонуңуз. Сыртта иштеп жатканда
тиешелүү жазмалары бар, уруксат берилген
узарткычтарды гана колдонуңуз.
126
· Аспап кокустан иштеп кетишине жол
бербеңиз. Вилканы розеткага саяардан
мурун, аспаптын өчүрүү/күйгүзүү баскычы
өчүрүлгөнүн тактаңыз.
8.4 Атайын аккумулятор аспабы үчүн
· Аспап кокустан иштеп кетишине жол
бербеңиз. Аккумулятор блогун орнотуп
жатканда аспаптын өчүрүү/күйгүзүү баскычы
өчүрүлгөнүн тактаңыз.
· Иштебеген инструменттин батареясын алып
салгыла.
Аккумулятор
Колдонуунун алдында аккумуляторду (33)
заряддоо зарыл.
Электртогунан өчүрүүдө батареяны кайра
зарядка койгула.
Аккумуляторду кубаттоо боюнча нускаманы
Metabo кубаттоочу түзмөгүнүн пайдалануу
эрежелеринен караңыз.
Литий иондуу аккумулятор блокторунда „Li-
Power, LiHD" көлөмдүн сигнал индикатору бар
(32):
- Баскычты (31) басканда, жарык диод
кубаттоонун абалын көрсөтөт.
- Бир жарыкдиод күйүп-жанып жатса, батарея
дээрлик бош жана кайра дүрмөттөөгө муктаж.
Литий-ион аккумуляторлорун транспорт
менен ташуу:
Ион литий кошулган аккумуляторлору коркунуч
жүктөрү тууралуу мыйзамдарынын
талаптарына туура келет (UN 3480 жана UN
3481). Литий-иондук аккумуляторлорду
жөнөтүүдө алар үчүн учурдагы транспорт
аркылуу ташуу боюнча эрежелерин тактап
алгыла. Жүктөрдү ташуу менен иштеген
ортодогу фирмалардан зарыл маалыматтарды
алсаңар болот. Тастыкталган таңгакты
Metabowerke GmbH немис компаниясынан
алсаңар болот.
Аккумуляторлор бузулбаган корпуста жана
суюктугу агылбаган учурда гана траспорт
аркылуу ташылат. Жөнөтүүнүн алдында
жабдыктан батареяны алып салуу керек. Ток
чыкбашы үчүн ачык контакттарды коргоо керек
(мисалы, изолента менен).
Батареяны чыгаруу жана киргизүү
Чыгаруу: Бошотуу баскычын (30) басыңыз
жана артка тартып аккумулятор блогун (33)
чыгарыңыз.
Киргизүү: Аккумулятор блогу (33) орногудай
кылып салыңыз.
9. Пайдалануу
· Ишти баштаардан мурун коргоочу
шаймандар туура иштеп жатканын
текшериңиз.
· Тилүү иштерин жүргүзүп жатканда туура
абалды карманыңыз:
– иштөөчү тарап маңдайда;
– өзүңүз арааны караңыз;
– кесүү дискинин огунун сол жагында.
Кооптуулук!
Материалдын тарттыруучу шайманы менен
материалды мүмкүн болушунча бекитип
коюңуз (15).
Манжаны кыпчытуу коркунучу!
Кесүүчү раманы жантык кылып же буруп
жатканда шарнир тарапка же шаймандын
алдындагы аймакка кол менен тийбеңиз!
· Жантык кылып жатканда кесүүчү раманы
бекем кармаңыз.
· Иштеп жатканда төмөнкүлөрдү колдонуңуз:
– Материалдын тирөөчтөрү – узун
материалдар үчүн, эгер тилгенден кийин
материал столдон кулап кете турган болсо;
2
)
– чамынды мүшөгү / кесиндини тазалоо
аспабы
· Араалоо учурунда деталдар бекем бекитиле
турган өлчөмдөгү материалдарды гана
араалаңыз.
· Тилип жатканда материалды ар дайым
столго такаңыз жана кыйшаюусуна жол
бербеңиз. Айланып жаткан кесүүчү дискти
капталынан кысуу аркылуу токтотпоңуз.
Кесүүчү диск бөгөттөлгөндө кырсык алуу
коркунучу бар.
9.1 Түз кесүү
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– Кесүү тереңдигин чектөөчү аспап (51)
активсиз.
– Бурулма стол 0° абалында, бурулма столдун
бекитүүчү туткасы (11) тартылган болот.
– Четтөө консолунун тик абалга кыйшаюусу 0°,
кыйшаюуну бекитүүчү тутка (22) тартылган
болот.
– Тарттыруучу шайман арткы абалда.
– Тарттыруучу шаймандын бекитүүчү винти
(13) бошотулган.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Стопор винтин (35) бошотуңуз. Кошумча
профилди (34) материал кесүүчү дискке же
коргоочу каптамага тийбей коюлгудай кылып
жылдырыңыз. Стопор винти (35) менен
бекитиңиз.
Материалды тилүү:
1. Материалды тирөөчкө такап, аны
тарттыруучу шайман (15) менен кысыңыз.
2. Жазы материалдар үчүн: кесүүчү дискти
алдыга, операторду көздөй тартыңыз
(тарттыруучу шайман).
3. Коргоочу бөгөттөгүчтү (26) өчүрүп, өчүрүү/
күйгүзүү баскычын басып, (27) аны ушул
абалда кармап туруңуз.
4. Кесүүчү раманы туткасынан кармап, жай-
жай аягына чейин түшүрүңүз жана керек
болсо артка түртүңүз (оператордон
алыстатып). Тилип жатканда кесүүчү
раманы материалга кыймылдаткычтын
айлануу ылдамдыгы анча төмөндөбөгүдөй
кылып такаңыз.
5. Материалды тилүү бир жолу өткөрүү менен
аткарылат.
6. Өчүрүү/күйгүзүү баскычын (27) коё берип,
кесүүчү раманы жай-жайдан өйдөкү иш
абалына кайтарыңыз.
9.2 Кыйшайтып кесүү
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– Кесүү тереңдигин чектөөчү аспап (51)
активсиз.
– Четтөө консолунун тик абалга кыйшаюусу 0°,
кыйшаюуну бекитүүчү тутка (22) тартылган
болот.
– Тарттыруучу шайман арткы абалда.
– Тарттыруучу шаймандын бекитүүчү винти
(13) бошотулган.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Стопор винтин (35) бошотуңуз. Кошумча
профилди (34) материал кесүүчү дискке же
коргоочу каптамага тийбей коюлгудай кылып
жылдырыңыз. Стопор винти (35) менен
бекитиңиз.
Материалды тилүү:
1. Бурулма столдун бекитүүчү туткасын (11)
коё берип, стопорду (12) бошотуңуз.
2. Керектүү бурчу орнотуңуз.
3. Бурулма столдун бекитүүчү туткасын (11)
тарттырыңыз.
4. Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
9.3 Жантык кесүү
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– Кесүү тереңдигин чектөөчү аспап (51)
активсиз.
– Бурулма стол 0° абалында, бурулма столдун
бекитүүчү туткасы (11) тартылган болот.
– Тарттыруучу шаймандын бекитүүчү винти
(13) бошотулган.
– Тарттыруучу шайман арткы абалда.

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Kgs 216 mKgsv 216 mKgs 254 mKgs 305 mKgs 18 ltx 216

Table of Contents