Metabo KGS 216 Original Instructions Manual page 123

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 12
Б) аспапка тиешелүү батареяларды гана
колдонуңуз. Башка батареяларды
колдонуужаракаттанууга жана өрттүн
чыгышына алып келиши мүмкүн.
В) Аккумулятордук батарея колдонбогон
учурда, аны башка маталл нерселерден
алыс кармоо керек, мисалы, скрепкалар,
тыйындар, ачкычтар, мыктар же башка
металл нерселер. Мындай нерселер бир
клемманы башка клеммага туташтырышы
мүмкүн. Аккумулятор байланыштарынын
учунун биригип калуусу күйүүгө же өрттүн
чыгышына алып келиши мүмкүн.
Г) Аккумуляторду туура эмес колдонууда
андан суюктук чыгышы мүмкүн.
Аккумулятордук суюктукка тийбеңиз.
Кокустан тийсеңиз, суу менен жууп
салыңыз. Эгер суюктук көзгө кирсе, дароо
медикалык жардам үчүн кайрылуу керек.
Аккумулятордон аккан суюктук дүүлүктүрүшү
же денени күйгүзүшү мүмкүн.
Д) Бузулган же өзгөртүлгөн
аккумуляторлорду колдонбоңуз. Бузук же
модификацияланган батареялар өрт, жарылуу
же жаракаттануу алып келиши мүмкүн.
Е) Батареяны оттун же ысык температура
алдында кармабаңыз. Өрт же 130°C жогору
температура жарылууга алып келиши мүмкүн.
Ж) Заряддык жабдуунун нускамаларын
сактаңыз жана эч качан батареяны же
аккумулятордук аспапты нускамаларда
көрсөтүлгөн температура диапазонунун
чегинен тышкары зарядка кылбаңыз. Туура
эмес зарядка кылуу же өтө жогору
температурада зарядка кылуу батареяны
бузушу мүмкүн жана өрт коркунучун
жогорулатышы мүмкүн.
3.6 Кызмат
А) Электр аспабыңызды бир гана
квалификациядан өткөн адиске оңдотуңуз.
Оңдоо үчүн түпнуска тетиктерди гана
Бул электр аспаптын
колдонуу зарыл.
коопсуздугун сактоого кепил болот.
Б) Бузулган аккумуляторду эч качан
техникалык тейлөөдөн өткөрбөңүз. Бардык
батареянын техникалык тейлөө түрлөрү
дярдоочу же тиешелүү тейлөө борбору
тарабынан таткарылышы керек.
3.7 Техникалык коопсуздук боюнча
кошумча көрсөтмөлөр
– Колдонуу боюнча бул нускамалар ушул
нускамаларда сүрөттөлгөн аспаптарга
окшогон жабдуулар менен иштөөгө керектүү
негизги техникалык билими бар адамдарга
багытталган. Эгер мындай аспаптар менен
иштөө тажрыйбаңыз жок болсо, адегенде
тажрыйбалуу адистерден жардам
алышыңыз керек.
– Колдонуу боюнча ушул нускаманы
аткарбагандыктан келип чыккан бузулуу
үчүн өндүрүүчү жоопкерчилик албайт.
Колдонуу боюнча бул нускамада маалымат
төмөнкүдөй берилген:
Кооптуулук!
Жаракат алуу же айлана-чөйрөгө
зыян келтирүү коркунучу жөнүндө
эскертүү.
Электр соккусун алуу коркунучу!
Электр жабдуусу менен иштеп
жатканда жаракат алуу коркунучу
жөнүндө эскертүү.
Кармап калуу коркунучу!
Дене мүчөлөрүн же кийимди
кармап калуудан улам жаракат
алуу коркунучу жөнүндө эскертүү.
Көңүл буруңуз!
Материалдык чыгым мүмкүндүгү
тууралуу эскертүү.
Көрсөтмө:
Кошумча маалымат.
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелер
А) Жантык чүркөлөөчү араа тактай же
жыгач окшогон материалдарды кесүүгө
багытталган жана арааны стержень,
тарткыч, винт ж.б. сыяктуу темирден
жасалган материалдарды кесүү үчүн
колдонууга болбойт. Топтолгон чаң коргогуч
камтамасы сыяктуу кыймылдуу бөлүктөрдү
бөгөттөп салат. Кесип жатканда пайда болгон
учкундар коргоочу каптаманы, кыстарманы
жана башка пластмасс деталдарды күйгүзөт.
Б) Материалдарды кыпчытмалар менен
мүмкүн болушунча бекемдеңиз. Эгер
материалды кол менен кармап жатсаңыз,
колуңузду кесүүчү дисктин эки тарабында
тең кеминде 100 мм аралыкта кармаңыз.
Бул араны бекитүүгө же кол менен
кармоого ылайыксыз өлчөмдө кичине
материалдарды кесүү үчүн колдонбоңуз.
Колуңуз кесүүчү дискке жакын
жайгашкандыктан, кесүүчү дискке тийип,
жаракат алуу коркунучу чоң.
В) Материал кыймылдабагыдай бекитилип,
тирөөчкө же столго жөлөнүшү керек.
Материалды аралоо дискине
жылдырбаңыз, эч качан «кармабай»
иштебеңиз. Бош жана кыймылдуу материал
жогору ылдамдыкта ыргытылып, жаракат
алууга себеп болушу мүмкүн.
Г) Арааны материалдын үстүнөн астын
көздөй өткөрүү аркылуу материалды
кесиңиз. Арааны материалдын астынан
үстүн көздөй өткөрүү аркылуу материалды
кеспеңиз. Кесүү үчүн кесүүчү раманы
көтөрүп, материалды кеспестен анын
үстүнө коюңуз. Андан кийин
кыймылдаткычты иштетип, кесүүчү
раманы ылдый түшүрүп, арааны үстүнөн
астын көздөй жылдырып, материалды
кесиңиз. Астынан үстүн карай кесип жатканда
кесүү диски башкарылбай, материалдан
артка, операторду көздөй ыргып кетүү
коркунучу бар.
Д) Кесилүүчү сызыктын үстүндө дисктин
маңдайынан же аркасынан да эч качан
колуңузду кайчылаштырбаңыз.
Материалды «кайчылашкан кол» менен,
башкача айтканда, материалдын оң жагынан
кесүү дискинин жанынан сол кол менен
кармоо абдан кооптуу.
Е) Кесүүчү диск айланып жатканда
тирөөчтү кармабаңыз. Кол менен айланып
жаткан кесүүчү дисктин ортосундагы
коопсуз аралыкты 100 ммден эч качан
жакындатпаңыз (кесүүчү дисктин эки
тарабына тең тиешелүү, мисалы,
тактайдын калдыктарын тазалап
жатканда). Айланып жаткан дисктин
колуңузга жакындаганын байкабай
калышыңыз мүмкүн жана ал оор жаракат
алууга себеп болот.
Ж) Кесүүдөн мурун, материалды
текшериңиз. Эгер материал ийрейген же
кыйшайган болсо, томпогой тарабын
сыртты, тирөөчтү каратып бекитиңиз.
Кандай болсо да, кесиле турган сызыкта
материал, тирөөч жана стол ортосунда
ачык жер жоктугун тактоо зарыл. Ийрейген
же кыйшайган материалдар оодарылып,
жылып кетип, айланып жаткан дисктин кесүү
учурунда кыпчылышына себеп болушу
мүмкүн. Материалда мык жана башка
нерселер болбоосу зарыл.
З) Столдо материал, тактай калдыгы ж.б.
жокто гана арааны колдонуңуз; столдо
иштелип жаткан материал гана болууга
тийиш. Калдыктардын майда бөлүкчөлөрү,
жыгачтын бош кесиндилери жана кесүүчү
дискке тийип кете турган башка объекттер
жогору ылдамдыкта ыргып кетиши мүмкүн.
И) Бир гана материалды кесиңиз. Бир нече
кабат болуп коюлган материалдарды
жакшылап бекитүү же кармоо мүмкүн
болбогондуктан, кесип жатканда алар дискти
кыпчып же сыйгаланып кетиши мүмкүн.
Й) Колдонуудан мурун, чүркөлөөчү жантык
араа түз жана катуу иш аймагына
орнотулушун камсыздоо керек. Түз жана
катуу жерде чүркөлөөчү жантык араанын
туруксуз иштөө коркунучу төмөндөйт.
К) Жумушуңузду пландаңыз. Кесүү
дискинин жантыктыгын же кесүү бурчун
өзгөрткөн сайын өзгөртүлүүчү тирөөч
туура тегизделип, материал кесүүчү дискке
же коргоочу каптамага тийбестен
бекитилгенин тактап туруңуз. Машинаны
күйгүзбөстөн жана материалды столго
койбостон, кесүүчү дисктин кыймылы кесип
жатканда кандай болоорун баамдап,
тоскоолдукка учурабастыгын жана тирөөчтү
кесип салбастыгын тактаңыз.
Л) Материалдын узуну же туурасы столдун
өлчөмүнөн чоңураак болсо, аны тиреп
коюу керек, мисалы, столду узартуучу
аянтча же эшектердин жардамы менен.
Чүркөлөөчүн жантык араанын өлчөмүнөн
узуну же туурасы чоңураак материалдар
бекем тирелбесе, оодарылып кетиши мүмкүн.
Оодарылып жатканда кесилген тактайдын же
материалдын кесиндиси коргоочу каптаманы
көтөрүп салышы мүмкүн, айланып жаткан диск
болсо аларды туш тарапка ыргытып салышы
мүмкүн.
М) Столду узартуунун ордуна материалды
тирөөгө башка адамдарды чакырууга
болбойт. Туруксуз тирөөч кесүүчү дисктин
кысылышына алып келиши мүмкүн. Андан
тышкары, кесип жатканда материал жылып
кетип, сизди же жардамчыңызды айланып
жаткан кесүүчү дискке тартып кетиши мүмкүн.
Н) Кесилген кесиндини айланып жаткан
дискке кысууга болбойт. Эгер орун
жетишсиз болсо, мисалы, узунунан коюлган
тирөөчтөр колдонулуп жатканда, кесилген
кесинди дискти кыпчып калышы мүмкүн, а
кесүүчү диск болсо кесиндини күч менен
ыргытып жибериши мүмкүн.
О) Ар дайым кыпчытма же тегерек
материалды тирөөгө ылайыктуу жабдык
колдонуңуз, мисалы тарткыч же түтүк.
Кесип жатканда тарткыч түрүлүп кетип,
натыйжада кесүүчү диск «тиштелип» калышы
мүмкүн, материалыңыз менен колуңуз кесүүчү
дискке тартылып кетиши мүмкүн.
П) Материалды кесээрден мурун кесүүчү
диск толук ылдамдыкта айлангыча күтө
туруңуз. Бул материалды ыргытып жиберүү
коркунучун төмөндөтөт.
Р) Эгер материал кыпчылып же кесүүчү
диск бөгөттөлүп калса, чүркөлөөчү жантык
арааны өчүрүңүз. Кыймылдап жаткан
бөлүктөр токтогуча күтө туруп, электр
вилкасын жана/же аккумуляторду
сууруңуз. Андан кийин кыпчылган
материалды алып салыңыз. Ушинтип
бөгөттөлүп калганда, көзөмөлдөө араалоо
улантылса, башкаруу жоголуп, чүркөлөөчү
жантык диск бузулушуна себеп болушу
мүмкүн.
С) Кесип бүткөндөн кийин баскычты коё
берип, кесилген кесиндини чыгаруудан
мурун кесүүчү раманы алдынан кармап,
кесүүчү диск токтогуча күтө туруңуз. Токтоп
келе жаткан кесүүчү диск тарапка колду созуу
өтө кооптуу.
4.1 Техникалык коопсуздук боюнча
кошумча көрсөтмөлөр
· Тиешелүү бөлүмдөрдө келтирилген
коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө
көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
· Керек учурда кырсыктын алдын алуу боюнча
директиваларды же буйруктарды аткарыңыз.
Жалпы кооптуулуктар!
· Айлана-чөйрөнүн таасирин эске алыңыз.
· Узун материалдар менен иштеп жатканда
аларга ылайыктуу тирөөчтөрдү колдонуңуз.
· Бул машинаны ушундай машиналар менен
иштөөдөгү коопсуздук боюнча окутуудан
өткөн жана машина менен иштеп жатканда
пайда болуучу кооптуулуктарды билген
адамдар гана колдоно алат.
18 жашка толо электер бул машинаны
кесипкөй окутуу алкагында жана мастердин
көзөмөлүндө гана колдонуусуна уруксат
берилет.
· Коркунучтуу аймакка чоочун адамды, өзгөчө
балдарды киргизбеңиз. Иштетип жатканда
чоочун адамдар шайманды же анын кабелин
кармашына уруксат бербеңиз.
· Араанын тиштери ысып кетишине жол
бербеңиз.
· Пластик кесип жатканда анын ээрип
кетишине жол бербеңиз.
КЫРГЫЗЧА ky
123

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Kgs 216 mKgsv 216 mKgs 254 mKgs 305 mKgs 18 ltx 216

Table of Contents