Download Print this page

Philips PerfectCare PSG9030/20R1 User Manual page 199

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
Суунун көлөмү аз көрсөткүчү
Суу челеги дээрлик бош болуп калганда, 'суунун көлөмү аз' көрсөткүчү күйөт. Суу челегин толтуруп,
шайманды кайра ысытуу үчүн буу чыгаруу машасын басыңыз. 'Үтүк даяр' көрсөткүчү токтобой күйүп
турса, буу менен үтүктөөнү уланта берсеңиз болот.
Шайманды колдонуу
ActiveSense технологиясы
Шайманда ActiveSense деп аталган үтүктөрдө дүйнөдө биринчи жолу иштелип
чыккан, кездемени таануу технологиясы бар. Ал үтүккө киргизилген камера менен
үтүктөө учурунда кездемелерди таануу жасалма интеллект менен иштейт жана
туура келген температураны жана буунун көлөмүн автоматтык түрдө тууралайт.
Ошондой эле үтүктү үтүктөө тактасында күйүп кетүү коркунучусуз таштап кете
аласыз.
ActiveSense технологиясы сизге бардык үтүктөлө турчу кездемелерди
каалаган тартипте, үтүктүн температура жөндөөсүн тууралабастан эле
үтүктөөгө мүмкүнчүлүк берет.
'Үтүк даяр' көрсөткүчү аныкталган кездеме түрүнө жараша,керек болгон
температура/буу деңгээлине ылайык (кадимки же күчөтүлгөн) туруктуу
түрдө көк же ак болуп күйүшү мүмкүн.
Бул белги коюлган кездемелерди үтүктөөгө болот (Сүр. 9), мисалы, чыт,
пахта, полиэстер, жибек, жүн, вискоза жана жасалма жибек.
Эскертүү: Тегерегиндеги кездемени үтүктөөгө болсо дагы,
кийимдердеги сүрөттөрдү үтүктөбөңүз.
Кээ бир назик кездемелер жана жасалгалар үчүн (мис: замша, баркыт,
металл сайма, жалтырактар), кийимге жакыныраак кылып буулоо
сунушталат.
Бул белги коюлган кездемелерди үтүктөөгө болбойт (Сүр. 10). Бул
кездемелерге спандекс же эластан сыяктуу синтетикалык кездемелер,
спандекс кошулган кездемелер жана полиолефиндер кирет.
Үтүктөө учурунда үтүктү үтүк түпкүчүнө же үтүктөөчү тактага узатасынан
койсоңуз болот. ActiveSense технологиясынын жардамы менен, үтүктүн
таманы үтүктөөчү тактанын кабын күйгүзбөйт (Сүр. 11).
Эскертүү: Үтүктү көбүрөөк убакытка колдонбой коюп койгондо, бир
аз буунун чыгышын байкашыңыз мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш,
анткени бул үтүктүн таманы тыныгуу учурунда туура температурада
экенин билдирүү үчүн болгон системанын процессинин бир бөлүгү. Бул
процесс учурунда,'үтүк даяр' көрсөткүчү көк болуп күйүп турат.
Эскертүү: Үтүктүн алдыңкы бөлүгүнө көп тийбегенге аракет кылыңыз,
анткени ал ысыйт.
КЫРГЫЗЧА
201
9
10
11

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Perfectcare 9000 series