Download Print this page

Philips PerfectCare PSG9030/20R1 User Manual page 198

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
КЫРГЫЗЧА
200
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук
пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Шайманды колдонуудан мурда маанилүү маалымат камтылган буклетти жана колдонуучунун
нускамасын кылдат окуп чыгыңыз. Эки документти тең келечекте кароо үчүн сактап коюңуз.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү (Сүр. 8)
1
Буу жеткирүүчү шланг
2
Буу машасы
3
Интеллектуалдык автоматтык буу чыгаруу баскычы
4
Үтүк даяр жарыгы
5
Үтүк таманы
6
ActiveSense камерасы
7
Үтүк түпкүчү
8
Бөгөттөөнү алып салуу баскычы
9
Толтуруу көзөнөгү
10 Алынуучу суу челеги
11 Буу жеткирүүчү шлангды сактоо бөлүгү
12 Электр шнурун сактоо бөлүгү
13 Ачакей менен электр шнуру
14 EASY DE-CALC сарпкапкагы
15 Жарык менен күйгүзүү/өчүрүү баскычы
16 Calc эскертүүсү
17 Максималдуу буу чыгаруу көрсөткүчү
18 Суунун көлөмү аз көрсөткүчү
Колдонууга даярдоо
Колдонула турган суунун түрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору
болгон аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шаймандын иштөө
мөөнөтүн узартуу үчүн, тузсуздандырылган же диминералдаштырылган сууну (ошондой эле 50%
тузсуздандырылган же диминералдаштырылган сууга кадимки сууну кошуп колдонсо дагы болот)
колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат,
үтүктөө каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды
колдонбоңуз. Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна
алып келиши мүмкүн.
Өнүмдү иштетүүгө даярдоо
Ар бир колдонууга чейин же 'суунун көлөмү аз' көрсөткүчү күйгөндө суу челегин толтуруңуз. Суу
челегин колдонуу учурунда каалаган убакта кайра толтура аласыз.
1 Суу челегин шаймандан чыгарып, MAX көрсөткүчүнө чейин суу менен толтуруңуз.
2 Биринчи ылдыйкы бөлүгүн шайманга киргизүү менен суу челегин кайра шайманга салыңыз.
3 Суу челегинин үстүңкү бөлүгүн ордуна бекимейинче ('чык') түртүңүз.
Буу генераторун күйгүзүү үчүн, электр шнурунун ачакейин жерге туташтырылган розеткага сайып,
күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. 'Үтүк даяр' жарыгы токтобой күйгүчө күтө туруңуз. Шайман
даяр болгондо, кыска сигнал угасыз.
Эскертүү: Биринчи жолу колдонууда, шаймандын жакшы иштеши үчүн шайманды күйгүзүүгө
чейин үтүктү үтүктөө тактасына коюуну сунуштайбыз.
Өнүмдүн түбүнөн үн чыгат, ал суунун буу чыгаруу үчүн тартылып чыгуусун билдирет.

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Perfectcare 9000 series