Philips GC7930/30 User Manual page 112

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 5
Автоматтык түрдө өчүү
-
Эгер шайман 5 мүнөткө чейин колдонулбаса, ал күтүү режимине өтөт. Күйгүзүү/өчүрүү
баскычындагы көрсөткүч күйүп өчө баштайт.
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын же буу машасын басыңыз. Шайман
кайра ысый баштайт.
-
Күтүү режимине өткөндөн кийин дагы 10 мүнөт колдонулбаса, шайман автоматтык түрдө өчөт.
Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы көрсөткүч өчөт.
Көңүл буруңуз: Шайман электр тармагына туташып турганда, аны эч качан көзөмөлсүз
калтырбаңыз. Колдонуп бүткөндөң кийин шайманды дайыма сууруп коюңуз.
Тазалоо жана тейлөө
Smart Calc-Clean Системасы
Шайман кебээрден тазалоо үчүн жана тазалоо маал-маалы менен аткарылышын камсыз кылуу үчүн,
Smart Calc-Clean Системасы менен жабдылган. Бул буунун жакшы чыгышын камсыз кылып, убакыттын
өтүшү менен үтүктүн таманынан кир нерселер жана тактардын чыгышына жол бербейт. Тазалоо
процесси аткарылып жатканын билдирүү үчүн, шайман маал-маалы менен эскертүүлөрдү берип
турат.
Үн жана жарык менен Calc-Clean тууралуу эскертүү
Колдонуп баштагандан 1 айдан 3 айга чейин, Calc-Clean көрсөткүчү күйүп-өчүп, шайман үн чыгарып,
Calc-Clean процессин аткаруу керектиги тууралуу эскертет (Сүр. 14).
Андан сырткары, шайманды кебээрдин чогулуп калышынан коргоо үчүн кошумча коргоо механизми
киргизилген: кебээрден тазалоо аткарылбаса, буу функциясы иштебей калат (Сүр. 15). Кебээрден
тазалагандан кийин, буу функциясы калыбына келет. Бул колдонулган суунун түрүнө карабастан
болот.
Эскертүү: Calc-Clean функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү көрсөткүч
күйө электе дагы.
Calc-Clean процессин Calc-Clean контейнери менен аткаруу
Көңүл буруңуз: Calc-Clean жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Көңүл буруңуз: Calc-Clean процессин дайыма Calc-Clean контейнери менен аткарыңыз. Процесс
учурунда үтүктү Calc-Clean контейнеринен албаңыз, анткени үтүктүн таманынан ысык суу жана
буу чыгат.
1 Суу челегин жарымына чейин толтуруңуз.
Эскертүү: Calc-Clean учурунда шайман розеткага сайылуу жана КҮЙҮК экенин текшериңиз.
2 Calc-Clean контейнерин үтүктөө тактасына же башка түз, туруктуу жерге коюңуз.
3 Үтүктү Calc-Clean контейнерине түз кылып коюңуз (Сүр. 16).
4 CALC-CLEAN баскычын басып, кыска үн чыккыча 2 секунд кармап туруңуз (Сүр. 17).
Эскертүү: Calc-Clean контейнери Calc-Clean процесси учурунда кебээр бөлүкчөлөрүн жана ысык
сууну чогултуу үчүн арналган. Процесс учурунда үтүктү контейнерге коюу коопсуз болуп саналат.
5 Calc-Clean процесинде кыска үн сигналдарын жана насостун үнүн угасыз (Сүр. 18).
6 Шайман процессти аяктаганча болжол менен 2 мүнөт күтүп туруңуз (Сүр. 19). Calc-Clean процесси
аяктагандан кийин үтүк үн чыгарбай калат жана CALC-CLEAN көрсөткүчү күйүп-өчпөй калат.
7 Үтүктү чүпүрөк менен сүртүп, кайра койгучка коюңуз (Сүр. 20).
Абайлаңыз: Үтүк ысык.
8 Calc-Clean учурунда Calc-Clean контейнери ысып кеткендиктен, ага 5 мүнөттөй тийбей туруңуз.
Андан кийин Calc-Clean контейнерин жуунгучка алып барып, бошотуп, кийин колдонууга сактап
коюңуз (Сүр. 21).
Кыргызча
113

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc7900 series

Table of Contents