Vitek VT-1672 Manual Instruction page 20

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 8
КЫРГЫЗ
ЭТ ТУУРАГЫЧ VT-1672
Эт туурагыч эт, куш эти же балыктан фаршты жасоо
үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Түрткүч
2. Азыктарды салуучу идиши
3. Эт туурагычтын бөркүнүн корпусу
4. Эт туурагычтын бөркүн орнотуу жайы
5. Эт туурагычтын бөркүнүн бекитме баскычы
6. Колбаскаларды толтуруу үчүн саптама
7. Мотор сапсалгысынын корпусу
8. Иштөө режимдердин которгучу (ON/OFF/REV)
9. Шнек
10. Крест сыяктуу бычак
11. Чоң-чоң кесе турган панжарасы
12. Майда кесе турган панжарасы
13. Эт туурагычтын бөркүнүн гайкасы
14. «Кеббе» саптамасы
15. Жылмышпас буттары
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Мүмкүн болгон электр ток уруудан кошумча корго-
нуу үчүн электр тармагында потенциалдуу иштет-
кен тогу 30 мА ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын
орнотулушу максатка ылайыктуу, аспапты орнотуу
үчүн адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун колдон-
мону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп, бүткүл кызмат
мөөнөтүнө сактап алыңыз. Шайманды туура эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же кол-
донуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
Электр эт туурагычты колдонгон учурда өрт коркуну-
чун азайтуу, ток уруу же башка жаракат алуудан сакта-
луу үчүн төмөнкүдөгү коопсуздук чараларды
Шайманды биринчи иштеткенде чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун текше-
рип алыңыз.
Жабдыктын жыйынтыгына кирген аксессуарларын
гана колдонуңуз.
Ток урбас үчүн кубаттуучу сайгычын, электр шнурун
же шаймандын өзүн ЭЧ КАЧАН сууга же башка сюк-
туктарга САЛБАҢЫЗ.
Эт туурагычтын корпусун тазалоо үчүн аны бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин курга-
тып сүртүңүз.
Иштеп турган эт туурагычты эч качан кароосуз
таштабаңыз.
Эт майдалагычты колдонгондон кийин аны өчүрүп,
электр тармагынан ажыратыңыз.
Эт туурагычты куратыруу, ажыратуу же тазалоонун
алдында аны өчүрүп, кубаттуучу сайгычын розетка-
сынан суруу зарыл.
Шайманды тегиз, туруктуу беттин үстүнө, нымдуу-
лук, тике күн нурлары жана ачык от булактарынан
алыс жеринде орнотуңуз.
Шайманды ысык беттин үстүнө же анын тикеден-
тике жакынчылыгында (мисалы үчүн, газ же электр
мештин, ысып турган демдеме мештин же бышыр-
гыч беттин жанында) орнотууга тыюу салынат.
Шайманды имараттардын сыртында колдонууга тыюу
салынат.
Шайманды колдоно баштагандан мурун бардык
бөлүктөрү туура орнотулганын текшериңиз.
Аспапты иштеткенде азыктарды салуучу алкымына
бармактарыңыз же башка нерсе менен түртүүгө тыюу
салынат. Бул максат үчүн түрткүчүн гана колдонуңуз.
Биринчи иштеткендин алдында иштеткен азыктарды
тийе тугран болгон чечилүүчү болүктөрүн кылдаттык
менен жууңуз.
Эт туурагыч катуу булалары бар азыктарды (мисалы,
имбир же хренди) майдалатуу, сөөгү бар же майдын
ашкандары бар этти майдалатуу үчүн арналган эмес.
Эт туурагычтын айланган бөлүктөрү толугу менен ток-
тогонун күтүп, андан соң гана шайманды ажыратсаңыз
болот.
Шаймандын токтоосуз иштеген убактысы 10 минута-
дан ашпай, андан соң шайманды 10-15 минутанын
ичинде муздатыңыз.
Көңүл буруңуз! Термоөчүргүч кокустан кайрадан
иштеткенден пайда болгон коопчулукка жол бербегени
үчүн түзмөк таймер катары тышкы ишетүүчү аспап-
тан азык албай, же коммуналдык кызматтар улам
өчүрүп күйгүзүп турган тармакка кошулбаганы зарыл.
Электр шнурун акырындык менен колдонуңуз, анын
көп жолу чыйратылганына жол бербей, мезгилдүү
түрдө түздөтүп туруңуз.
Эт туурагычты көтөрүп ташуу үчүн электр шнурун кол-
донууга тыюу салынат.
Электр шнуру столдун кырынан арта салынып же
ысык нерселерди жана эмеректин учтуу кырларын
тийип турганына жол бербеңиз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
кармаңыз.
Электр шнурун же кубаттуучу сайгычын суу колуңуз
менен сайбаңыз, сурбаңыз да тийбеңиз, бул ток уру-
уга алып келүү мүмкүн.
Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
Шайман иштеген учурда балдарга шайманды жана
электр шнурун тийгенге уруксат бербеңиз.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
Шайман иштеп турганда же иштөө циклдердин ара-
сында аны балдар жетпеген жерде сактаңыз.
Саптамаларды алмаштыруу же колдонгондо кыймыл-
дап турган бөлүктөргө жакындаганда түзмөктү өчүрүп,
электр тармагынан ажыратуу зарыл.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан
жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде балдар да)
адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы же билими
жок болгон адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же нускамалоо бол-
босо колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонул-
ган полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!
Электр шнурунун жана кубаттуучу сайгычтын абалын
мезгилдүү түрдө текшерип туруңуз.
Корпустун, кубаттуучу сайгычтын же электр шнурдун
ар кыл бузулуулар бар болсо, шайманды колдонбоңуз.
20

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents