Metabo KS 216 M Original Instructions Manual page 134

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 13
ky
КЫРГЫЗЧА
алдыга тартуу зарылдыгы эскертилет
(тартуучу шайман).
3. Коргоочу бөгөттөгүчтү (26) өчүрүп, өчүрүү/
күйгүзүү баскычын басып, (27) аны ушул
абалда кармап туруңуз.
4. Кесүүчү раманы туткасынан кармап, жай-
жай аягына чейин түшүрүңүз жана керек
болсо артка түртүңүз (оператордон
алыстатып). Тилип жатканда кесүүчү
раманы материалга кыймылдаткычтын
айлануу ылдамдыгы анча төмөндөбөгүдөй
кылып такаңыз.
5. Материалды тилүү бир жолу өткөрүү менен
аткарылат.
6. Өчүрүү/күйгүзүү баскычын (27) коё берип,
кесүүчү раманы жай-жайдан өйдөкү иш
абалына кайтарыңыз.
9.2 Кыйшайтып кесүү
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– KGS менен гана...: Кесүү тереңдигин (49)
чектөө.
– Четтөө консолунун тик абалга кыйшаюусу 0°,
кыйшаюуну бекитүүчү тутка (22) тартылган
болот.
– KGS менен гана...: Эң аягында тартуучу
шайман.
– KGS менен гана...: Тартуучу шаймандын
бекитүүчү илмеги (12) бошотулган.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Бекитүү рычагды (34) бошотуу. Кошумча
профилди (33) (KGS...305...: кошумча
профиль) араа тилкесинин багытына толугу
менен жылдырыңыз, ошондо жумушчу бөлүк
мүмкүн болушунча жакшы колдоого алынат.
Бекитүүчү рычаг (34) менен бекитиңиз.
Материалды тилүү:
1. Бурулма столдун бекитүүчү туткасын (10)
коё берип, стопорду (11) бошотуңуз.
2. Керектүү бурчу орнотуңуз.
3. Бурулма столдун бекитүүчү туткасын (10)
тарттырыңыз.
4. Материалды "Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
9.3 Жантык кесүү
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– KGS менен гана...: Кесүү тереңдигин (49)
чектөө.
– Бурулма стол 0° абалында, бурулма столдун
бекитүүчү туткасы (10) тартылган болот.
– KGS менен гана...: Тартуучу шаймандын
бекитүүчү илмеги (12) бошотулган.
– KGS менен гана...: Эң аягында тартуучу
шайман.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Бекитүү рычагды (34) бошотуу. Кошумча
профилди (33) (KGS...305...: кошумча
профиль) материал кесүүчү дискке же
коопсуздук каптамасына тийбегидей абалга
жылдыруу эскертилет. Бекитүүчү рычаг (34)
менен бекитиңиз.
KGS менен гана...305...: Айрым бурчтук
абалдар үчүн кошумча профилдердин бирин
(33) алып салуу мүмкүн экендиги сунушталат
Алып салуу үчүн 2 үч бурчтук бири-бирине
карагандай болуп жылдырылышы керек. Бул
абалды кошумча профилди (33) жогору
көтөрсө болот. Кесилгенден кийин, жоголуп
кетпеши үчүн, кошумча профилди (33)
кайрадан бекитиңиз.
Материалды тилүү:
1. Араанын арткы бетиндеги жантыктатуу
шайманынын бекитүүчү туткасын (22)
бошотуңуз.
2. Четтетүү консолун керектүү абалга жай-
жайдан жантыктатыңыз. Кененирээк бул
бөлүмдү караңыз: 7.3.
3. Жантыктатуучу бекиткич тутканы (22)
бекитиңиз.
4. Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
134
9.4 Кош кыйгач кесүү
Көрсөтмө:
Кош кыйгач кесүү - кыйгач кесүү менен
жантык кесүү бирге аткарылат. Демек,
материал багыттоочу жээкке кыйгачынан
жана жогору тарабына кыйгачынан тилинет.
Кооптуулук!
Кош кыйгач кесүүдө кесүүчү диск көп
жантыктатылгандыктан, чоң ачылып –
жаракат алуу коркунучу жогору. Кесүүчү
дисктен коопсуз аралыкты сактаңыз.
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– KGS менен гана...: Кесүү тереңдигин (49)
чектөө.
– Бурулма столду керектүү абалга бекитиңиз.
– Четтетүү консолуна керектүү бурчту коюп,
консолду бекитиңиз. Кененирээк бул
бөлүмдү караңыз: 7.3.
– KGS менен гана...: Тартуучу шаймандын
бекитүүчү илмеги (12) бошотулган.
– KGS менен гана...: Эң аягында тартуучу
шайман.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Бекитүү рычагды (34) бошотуу. Кошумча
профилди (33) (KGS...305...: кошумча
профиль) материал кесүүчү дискке же
коопсуздук каптамасына тийбегидей абалга
жылдыруу эскертилет. Бекитүүчү рычаг (34)
менен бекитиңиз.
KGS менен гана...305...: Айрым бурчтук
абалдар үчүн кошумча профилдердин бирин
(33) алып салуу мүмкүн экендиги сунушталат
Алып салуу үчүн 2 үч бурчтук бири-бирине
карагандай болуп жылдырылышы керек. Бул
абалды кошумча профилди (33) жогору
көтөрсө болот. Кесилгенден кийин, жоголуп
кетпеши үчүн, кошумча профилди (33)
кайрадан бекитиңиз.
Материалды тилүү:
 Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
9.5 KGS менен гана...: Анча терең
жана көлөмдүү эмес ойуктарды
кесүү
Көрсөтмө:
Кесүү тереңдигин чектөөчү шайман тартуучу
шайман менен бирге оюк кесүү үчүн
колдонулат. Мындайда материал толук
тилинбей, белгилүү тереңдикте гана тилинет.
Тээп кетүү коркунучу!
Оюктарды кесип жатканда кесүүчү дискти
капталынан кыспоо абдан маанилүү. Болбосо,
кесүүчү рама өйдө ыргып кетиши мүмкүн!
Оюктарды кесип жатканда тарттыруучу
шайман колдонулат. Кесүүчү раманы
капталынан кыспаңыз.
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– Четтетүү консолуна керектүү бурчту коюп,
консолду бекитиңиз. Кененирээк бул
бөлүмдү караңыз: 7.3.
– Бурулма столду керектүү абалга бекитиңиз.
– Тарттыруучу шаймандын бекитүүчү винти
(12) бошотулган.
– Тарттыруучу шайман арткы абалда.
Материалды тилүү:
1. Кесүү тереңдигин чектөөчү шайманды (48)
керектүү тереңдикке коюп, контргайканы
бураңыз. Кесилген тереңдиктин чектөөсүн
(49) алдыга жылдырыңыз.
2. Коргоочу бөгөттөгүчтү (26) бошотуп,
кесүүчү раманы ылдый түшүрүп, коюлган
кесүү тереңдигин текшериңиз:
3. текшерүү үчүн кесип көрүңүз.
4. Керек болсо, тиешелүү кесүү тереңдиги
коюлмайынча 1-3-кадамдарды кайталаңыз.
5. Материалды „Түз кесүүлөр" бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй кылып тилиңиз.
10. Техникалык тейлөө жана
кармоо шарттары
Кооптуулук!
Техникалык тейлөө жана тазалоо иштерин
аткаруудан мурун электр вилкасын сууруңуз
же чечилме аккумулятор блогун (32) чыгарып
салыңыз.
– Бул бөлүмдө сүрөттөлгөн техникалык тейлөө
жана оңдоо иштерин адистер гана аткаруусу
зарыл.
– Бузулган деталдарды, өзгөчө коргоочу
аспаптарды түпнуска аспаптар менен гана
алмаштыруу керек. Өндүрүүчү текшербеген
жана уруксат бербеген деталдарды
колдонуу күтүүсүз чыгымга алып келиши
мүмкүн.
– Бузулууну оңдогон сайын бардык коргоочу
түзмөктөрдү кайра активдештирип, текшерип
чыгыңыз.
10.1 Кесүүчү дискти алмаштыруу
Күйгүзүү коркунучу!
Жумуш бүткөндөн кийин бир аз убакыт
аралыгында кесүүчү диск ысык бойдон турат.
Ысыган диск муздагыча күтө туруңуз. Кесүүчү
дискти күйүүчү суюктуктар менен
тазалабаңыз.
Кыймылдабай турган дискте да
кесип кетүү коркунучу бар!
Чойдуруучу винтти (40) бошотуп жана
тарттырып жатканда ачылма коргоочу
каптаманы (5) кесүүчү дисктин үстүнө жаап
коюу керек. Кесүүчү дискти алмаштырып
жатканда коргоочу мээлей кийиңиз.
1. Электр вилкасын розеткадан сууруңуз же
чечилме аккумулятор блогун (32) чыгарып
салыңыз,
2. Кесүүчү раманы жогору абалына
которуңуз.
3. Кесүүчү дискти орнотуу: стопор баскычын
(17) басып, экинчи колуңуз менен кесүүчү
дискти стопор баскычы бекигиче
айлантыңыз. Стопор баскычын басылган
абалда кармаңыз.
4. Кесүүчү дисктин валындагы шайбалуу
чойдуруучу винтти (40) алты бурчтуу ачкыч
(13) менен саат жебесинде (сол тараптуу
сай!) бурап, чечиңиз.
5. Маятниктин коргоочусун (5) өйдө көтөрүп
кармап туруңуз.
6. Тышкы фланецти (41) жана кесүүчү дискти
(42) валдан кылдаттык менен чечип,
ачылма коргоочу каптаманы кайра жаап
коюңуз.
Кооптуулук!
Тазалоо каражаттарын (мисалы, чайыр
калдыктарын тазалоо үчүн) колдонбоңуз, алар
жеңил куймалуу металл деталдарына зыян
келтириши мүмкүн; болбосо, араанын
колдонуудагы туруктуулугу начарлап калышы
мүмкүн.
7. Кыпчытуучу катмарларды тазалоо:
– Кесүүчү дисктин валы (45),
– Кесүүчү диск (42),
– Тышкы фланец (41),
– Ички фланец (44).
Кооптуулук!
Ички фланецти туура жаткырыңыз! Болбосо
араа бөгөттөлүп, кесүүчү диск жулунуп кетиши
мүмкүн! Тегерек оюк кесүүчү дискти карап,
тегиз бети кыймылдаткычты карап турса ички
фланец туура орнотулган болот.
8. Ички фланецти (44) орнотуу.

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Kgs 216 mKgs 254 mKgs 305 mKgs 18 ltx bl 216Kgs 18 ltx bl 254Kgs 18 ltx bl 305

Table of Contents