Metabo KS 216 M Original Instructions Manual page 133

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 13
жарык берет. Эгер жарыктын кереги жок
болсо, батарейканын (28) кубатын үнөмдөө
үчүн, аны өчүргүчтөн өчүрсө болот.
Кооптуулук!
Жарыктын нурун адамдын же жаныбардын
көзүнө каратпаңыз
7.3 Жантык абалын жөнгө салуу
Бекитүүчү тутканы (22) бошоткондон кийин
арааны кадамсыз тик абалына
салыштырмалуу 0° жана 45° аралыгында
кыйшайтууга болот (38).
Тик абалына салыштырмалуу сол жакты
көздөй 47° же оң жакты көздөй 2° кыйшайтуу
үчүн бөгөттөөчү баскычты (23) басыңыз.
KGS менен гана...305... арааны оңго
перпендикулярдуу багытта дагы жөндөсө
болот: кармагычын бошотуп (22), туткасын
(39) алдыга тартыңыз. Араа тик абалына
жеткенге чейин аны 0° жана 45°
аралыгында кыйшайтууга болот (38). Тик
абалына салыштырмалуу арааны сол
жакты көздөй 47° ка кыйшайтуу үчүн
бөгөттөөчү баскычты (23) басуу эскертилет.
Кооптуулук!
Кесип жатканда жантык бурчу өзгөрбөөсү үчүн
четтөө консолунун бекитүүчү туткасы (22)
тартылып туруусу керек.
KGS менен эмес...305..., KS 216 M:
Колдонууга жараша, бекитүүчү тутканын
абалын өзгөртсөңүз болот: ал үчүн бекитүүчү
тутканы тартып, аны керектүү абалга чейин
бурап, кайра толук бекигенге чейин түртүп
коюңуз.
7.4 Бурулма стол
KGS менен гана...: Кыйшайтып кесүү үчүн
бекитүүчү тутканы (10) бошоткондон кийин
жана стопорду (11) койгондон кийин айланма
столду (8) каалаган бурчка бурууга болот.
Ошентип, материалдын багыттоочу жээгине
салыштырмалуу кесүү бурчу өзгөрөт.
KS менен гана...: Кыйшайтып кесүү үчүн
бекитүүчү тутканы (10) бошоткондон кийин
айланмастолду каалаган бурчка бурууга
болот. Ошентип, материалдын багыттоочу
жээгине салыштырмалуу кесүү бурчу өзгөрөт.
Кооптуулук!
Кесип жатканда кыйшаюу бурчу өзгөрбөөсү
үчүн бурулма столдун (бекитилген
абалдарында дагы!) бекитүүчү туткасы (10)
буралышы керек.
7.5 KGS менен гана...: Тартуучу
шайманы
Тартуучу шаймандын жардамы менен
туурасынан кесилиши чоң материалдарды да
тилүүгө болот. Тартуучу шайманды кесүүнүн
ар кандай түрүнө (түз кесүүлөр, оюк кесүүлөр,
жантык кесүүлөр жана кош кыйгач кесүүлөр
жана оюктар) колдонууга болот.
Тартуучу шайман колдонулбай турганда аны
бекитүүчү винт (12) менен арткы абалга
бекитип коюу керек.
7.6 KGS менен гана...: Кесүүчү
тереңдикти аныктоо
Кесүү тереңдигин чектөөчү шайман (48)
тартуучу шайман менен бирге оюк кесүү үчүн
колдонулат.
Орнотуучу винтти бурап, аны контргайка
менен бекитиңиз. Тирөөч (49) артка жылганда
кесүү тереңдигин чектөөчү шайман активсиз
абалга келет.
8. Ишке киргизүү
8.1 Чамынды мүшөгүн /
кесиндилерди тазалоо аспабын
туташтыруу
Кооптуулук!
Дарак чаңынын кээ бирлери (мисалы, дуб, бук
жана ясень тактайлары) дем менен жутуп
алганда рак оорусуна алып келиши мүмкүн.
– Иштеп жатканда сөзсүз түрдө ылайыктуу
кесинди тазалоочу аспаптарды колдонуңуз.
– Жыгач чаңынын баарын кармап, тазалоо
мүмкүн болбогондуктан чаңдан коргоочу
респиратор колдонуңуз.
– Чаң мүшөгүн тез-тез бошотуп туруңуз.
Бошотуп жатканда чаңдан коргоочу
респиратор колдонуңуз.
Жеткирилген комплекттеги чаң мүшөктүү
шайманды ишке киргизип жатканда:
 Чаң мүшөгүн (2) сормо түтүккө (3) коюңуз.
Чамынды мүшөгүнүн сыдырмасы (1) жабык
экенин тактаңыз.
Эгер аспапты чаң тазалоочу шайманга кошуп
жатсаңыз:
 Чамынды сормо түтүккө кошуу үчүн
ылайыктуу адаптерди колдонуңуз (12.
„Аксессуарлар" бөлүмүн караңыз).
 Кесинди тазалоочу шайманды орнотуу 16.
«Техникалык шарттары» бөлүмүндө
келтирилген талаптарга жооп берээрин
текшериңиз.
 Андан тышкары кесинди тазалоо шайманын
колдонуу боюнча эрежелерди карманыңыз!
8.2 Материалдын тарттыруучу
аспабын орнотуу
Материалдын тарттыруучу аспабын (14)
орнотуу эки абалда болуусу мүмкүн:
– Жазы материалдар үчүн:
Материалдын тарттыруучу аспабын столдун
арткы көзөнөгүнө (36) коюңуз.
– Ичке материалдар үчүн:
Материалдын тарттыруучу аспабын столдун
алдыңкы көзөнөгүнө (37) коюңуз.
8.3 Атайын тармак аспабы үчүн
Кооптуулук! Электр чыңалуусу
Аспапты бир гана төмөнкү талаптарга жооп
берген кубат булагына туташтырыңыз (16.
"Техникалык шарттары" бөлүмүн да караңыз):
– Электр кубатынын чыңалуусу жана
жыштыгы заводдук тактайчада
көрсөтүлгөндөргө дал келүүсү зарыл:
– Аспапты агып кетме токтон коргоочу 30 мА
автомат менен корголот;
– Розетка талаптагыдай орнотулуп,
жердетилип жана текшерилиши керек.
 Тармак кабели иштеп жатканда тоскоол
болбогудай жана үзүлүп калбагыдай болуп
коюлушу керек.
 Узарткыч катары бир гана резина менен
изоляцияланган жана кесилиши (3 × 1,5 мм
жетиштүү кабель колдонуңуз.
 Сыртта иштөө үчүн узарткычтарды
колдонуңуз. Сыртта иштеп жатканда
тиешелүү жазмалары бар, уруксат берилген
узарткычтарды гана колдонуңуз.
 Аспап кокустан иштеп кетишине жол
бербеңиз. Вилканы розеткага саяардан
мурун, аспаптын өчүрүү/күйгүзүү баскычы
өчүрүлгөнүн тактаңыз.
8.4 Атайын аккумулятор аспабы үчүн
 Аспап кокустан иштеп кетишине жол
бербеңиз. Аккумулятор блогун орнотуп
жатканда аспаптын өчүрүү/күйгүзүү баскычы
өчүрүлгөнүн тактаңыз.
Аккумулятор
Колдонуунун алдында аккумуляторду (32)
заряддоо зарыл.
Электртогунан өчүрүүдө батареяны кайра
зарядка койгула.
Аккумуляторду кубаттоо боюнча нускаманы
Metabo кубаттоочу түзмөгүнүн пайдалануу
эрежелеринен караңыз.
Аккумулятордук батареялар кубаттуулугу жана
сигнал билдирүүсү бар (31) (жабдууларга
жараша):экендиги эскертилет.
- Баскычты (30) басканда, жарык диод
кубаттоонун абалын көрсөтөт.
- Бир жарыкдиод күйүп-жанып жатса, батарея
дээрлик бош жана кайра дүрмөттөөгө муктаж.
Батареяны чыгаруу жана киргизүү
Өчүрүү Батарея кутучасынын кулпусунун ачуу
баскычын (29) басып, батареяны (32) алдыга
тартуу керектиги белгиленет.
Киргизүү: Аккумулятор блогу (32) орногудай
кылып салыңыз.
9. Пайдалануу
 Ишти баштаардан мурун коргоочу
шаймандар туура иштеп жатканын
текшериңиз.
 Тилүү иштерин жүргүзүп жатканда туура
абалды карманыңыз:
– иштөөчү тарап маңдайда;
– өзүңүз арааны караңыз;
– кесүү дискинин огунун сол жагында.
Кооптуулук!
Иштөөчү бөлүктү ар дайым кысуучу шайман
менен бекемдөө зарылдыгы (14).
Манжаны кыпчытуу коркунучу!
Кесүүчү раманы жантык кылып же буруп
жатканда шарнир тарапка же шаймандын
алдындагы аймакка кол менен тийбеңиз!
 Жантык кылып жатканда кесүүчү раманы
бекем кармаңыз.
 Иштеп жатканда төмөнкүлөрдү колдонуңуз:
– Материалдын тирөөчтөрү – узун
материалдар үчүн, эгер тилгенден кийин
материал столдон кулап кете турган болсо;
– чамынды мүшөгү / кесиндини тазалоо
аспабы
 Араалоо учурунда деталдар бекем бекитиле
турган өлчөмдөгү материалдарды гана
араалаңыз.
 Тилип жатканда материалды ар дайым
столго такаңыз жана кыйшаюусуна жол
бербеңиз. Айланып жаткан кесүүчү дискти
капталынан кысуу аркылуу токтотпоңуз.
Кесүүчү диск бөгөттөлгөндө кырсык алуу
коркунучу бар.
9.1 Түз кесүү
Баштапкы абал:
– Транспорт бекиткичин (24) бошотуңуз.
– Кесүүчү рама өйдө көтөрүлгөн
– KGS менен гана...: Кесүү тереңдигин (49)
чектөө.
– Бурулма стол 0° абалында, бурулма столдун
бекитүүчү туткасы (10) тартылган болот.
2
– Четтөө консолунун тик абалга кыйшаюусу 0°,
)
кыйшаюуну бекитүүчү тутка (22) тартылган
болот.
– KGS менен гана...: Эң аягында тартуучу
шайман.
– KGS менен гана...: Тартуучу шаймандын
бекитүүчү илмеги (12) бошотулган.
– Материалдын тирөөчүнүн (25) жөндөлүшү:
Бекитүү рычагды (34) бошотуу. Кошумча
профилди (33) (KGS...305...: кошумча
профиль) материал кесүүчү дискке же
коопсуздук каптамасына тийбегидей абалга
жылдыруу эскертилет. Бекитүүчү рычаг (34)
менен бекитиңиз.
Материалды тилүү:
1. Материалды тирөөчкө такап, аны
тарттыруучу шайман (14) менен кысыңыз.
2. KGS менен гана...: Көлөмдүү материалдар
үчүн: кесүүчү дискти, операторду көздөй
КЫРГЫЗЧА ky
133

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Kgs 216 mKgs 254 mKgs 305 mKgs 18 ltx bl 216Kgs 18 ltx bl 254Kgs 18 ltx bl 305

Table of Contents