Metabo KS 216 M Original Instructions Manual page 129

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 13
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
Мазмуну
1. Шайкештиги тууралуу декларация
2. Багыты боюнча колдонуу
3. Техникалык коопсуздуктун жалпы
эрежелери
4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө
эрежелер
5. Кыскача билдирүү
6. Орнотуу жана ташуу
7. Түзмөк жөнүндө кыскача билдирүү
8. Ишке киргизүү
9. Пайдалануу
10. Техникалык тейлөө жана кармоо
шарттары
11. Кеңештер жана сунуштар
12. Аксессуарлар
13. Ремонт
14. Айлана-чөйрөнү коргоо
15. Көйгөйлөр жана бузулуулар
16. Техникалык шарттары
1. Шайкештиги тууралуу
декларация
Биз толук жоопкерчилик менен билдиребиз:
Түрү жана сериялык номери боюнча
идентификацияланган бул чүркөлөөчү араа
төмөнкүлөргө жооп берет: *1), директиванын
тиешелүү талаптарынын баарына *2) жана
нормаларына *3). техникалык документтерге
*4) – 4-беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Чүркөлөөчү жантык араа узунунан жана
туурасынан, жантыгынан, кемтик кылып жана
жантыгынан кош кыйгач кесүүгө багытталган.
KGS менен гана...: Мындан тышкары,
оюктарды жасоого да болот.
Тиешелүү аралоочу диски (уруксат берилген
аралоо дисктерин 12. Аксессуарлар
бөлүмүнөн караңыз) бар материалга гана
колдонууга болот.
Уруксат берилген чен-өлчөмдөрүн (16.
Техникалык мүнөздөмөлөр бөлүмүн караңыз)
сактоо керек.
Тегерек же тегиз эмес кесиктерди (мисалы,
отун) аралоо үчүн колдонуууга болбойт.
Анткени аралоо учурунда алар бекем
кармалбайт. Кырынан коюлган тегиз
материалдарды аралап жатканда, коопсуз
өткөрүү максатында тиешелүү таянчыкты
колдоонуу зарыл.
Башка максатта колдонууга жол берилбейт.
Максатына ылайыксыз колдонуу, түзүлүшүн
өзгөртүү, өндүрүүчү текшербеген же уруксат
бербеген деталдарды колдонуу күтүлбөгөн
материалдык чыгымдарга алып келиши
мүмкүн!
3. Техникалык коопсуздуктун
жалпы эрежелери
Өзүңүздүн жеке коопсуздугуңуз үчүн
жана электр шайманын бузулуудан
коргоо үчүн ушул символ менен
белгиленген көрсөтмөлөрдү аткарыңыз!
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! – Жаракат алуу
коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу
боюнча нускаманы окуңуз.
Башкаларга электр инструментиңизди
берүүдө, анын бардык бул документтери
менен кошо бериңиз.
Электр аспаптары менен иштөөдө
коопсуздук техникасы боюнча жалпы
эрежелер
ЭСКЕРТҮҮ – Бул электр шайманы
менен кошо келген техникалык
коопсуздук боюнча бардык
көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана
спецификацияларды окуп чыгыңыз.
Нускамалардын баарын окубагандан электр
соккусу, өрт чыгышы жана/же олуттуу жаракат
алуу келип чыгышы мүмкүн.
Техникалык коопсуздук боюнча
көрсөтмөлөр менен нускамалардын
баарын кийин колдонуу үчүн сактап
коюңуз! Техникалык коопсуздук боюнча
көрсөтмөлөрдө колдонулган «электр
шайманы» деген термин - электр тармагы
(тармак кабели менен) жана аккумуятор
(тармак кабелисиз) менен иштеген электр
аспабына тиешелүү.
3.1 Жумуш ордундагы коопсуздук
А) Жумуш ордунда тазалыкты сактаңыз
жана жакшы жарык кылыңыз. Жумуш
ордундагы иретсиздик же жарык кылынбаган
жерлер кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Б) Электр аспаптарын күйүүчү суюктуктар,
газдар же чаң болгон жарылууга кооптуу
жайларда пайдаланууга тыюу салынат.
Иштеп жатканда электр аспабынан учкундар
чыгат, алар чаңды же бууну күйгүзүп
жибериши мүмкүн .
В) Электр аспабы менен иштеп
жатканыңызда жумуш ордуңузга балдарды
же башка адамдарды киргизбеңиз.
Жумуштан алаксып жатып, элетр аспабын
башкарууну жоготуп алышыңыз мүмкүн.
3.2 Электр коопсуздугу
А) Электр аспап туташтыргычтары
розеткага дал келиши керек. Кайсы
болбосун жол менен туташтыргычты
өзгөртүүгө тыюу салынат. Жердетилген
электр аспаптары менен каалаган
өткөрүүчү туташтыргычты колдонууга
тыюу салынат. Өзгөртүлбөгөн
туташтыргычтар жана туура келген розеткалар
электр ток сокку коркунучун азайтат.
Б) Түтүк, жылыткыч, меш жана муздаткыч
сыяктуу жердетилген нерселерге
тийгизүүдөн оолак болуңуз. Эгер сиздин
денеңиз жердетилген болсо, электр ток
соккусунун күчөтүлгөн риски бар.
В) Электр аспаптарын жамгыр астында
жана нымга калтырбаңыз. Электр аспапка
суунун кириши электр ток сокку рискин
көбөйтөт.
Г) Электр шнурун башка максат үчүн
колдонбоңуз: электр аспабын ташыбаңыз,
розеткадан чыгаруу үчүн шнурду илбеңиз
жана тартпаңыз. Кабелди жогору
температурадан, майдан, курч нерселерден
же аспаптын кыймылдуу бөлүктөрүнөн
коргоо чарасын көрүңүз. Кырчылган же
чырмалган кабель электр соккусун алуу
коркунучун көбөйтөт.
Д) Эгер сиз аспапты көчөдө колдонсоңуз,
сыртта колдонуу үчүн туура келген
узартуучу кабелдерди колдонуңуз. Сыртта
колдонуу үчүн туура келген узарткычты
колдонуу электр ток сокку рискин төмөндөтөт.
Е) Нымдуу жайда иштөөгө мажбур
болсоңуз, коопсуз электр ток тамактануусу
бар калдык ток жабдуусун колдонуңуз.
Калдык ток жабдуусун колдонуу электр ток
сокку рискин азайтат.
3.3 Жумушчулардын коопсуздугу
А) Электр аспабы менен иштөөдө сак
болуңуз, эмне кылып жатканыңызга көңүл
буруңуз, жүйөлүү маани бериңиз. Чарчап
турганда же баңгизат, алкоголь же
дарылардын таасири алдында электр
аспабын колдонууга тыюу салынат. Электр
аспабы менен иштөөдө кичинекей олдоксондук
олуттуу жаркаттануу алып келиши мүмкүн.
Б) Жеке коргоочу жабдыктарын колдонуңуз
жана коргоочу көз айнек кийиңиз. Электр
жабдууну колдонууга байланыштуу жеке
коргоочу дем чыпка, тайгаланбаган бут кийим,
каска же коргоочу кулактык сыяктуу
жабдыктарды кийүү жаракат алуу рискин
азайтат.
В) Аспапты кокустан жүргүзбөңүз. Аспапты
ток булагына жана / же аккумулятордук
батареяга туташтыруудан мурда, жана аны
көтөрүүдө же которууда көз каранды
которгучтун өчүк экендигин ырастаңыз.
Аспапты ташуу же электр аспабын ток
булагына туташтыруу учурунда колуңузду
өчүрүп-күйгүзгүчкө койбоңуз – бул кырсыктарга
алып келиши мүмкүн.
Г) Жөнгө салуу жабдууларын же гайка
ачкычын электр аспабын жүргүзүүдөн
мурда алып коюңуз. Электр аспабынын
айлануучу бөлүгүндөгү шайман же гайка
ачкычы жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
Д) Денени нормалдуу эмес абалда
кармабаңыз. Ар дайым туура туруу жана
балансты сактоо керек. Бул аракет
күтүлбөгөн учурларда электр аспабын эң
жакшы башкарууну камсыз кылат.
Е) Ылайыкту кийим кийиңиз. Бош кийим
кийүүгө же жасалга тагынууга тыюу
салынат. Кыймылдагы бөлүктөрдөн чачты
жана кийимди алыс кармоо керек. Бош
кийим, жасалгалар же узун чачтар
кыймылдагы бөлүктөргө тийиши мүмкүн.
Ж) Эгер чаңды тазалоочу жана топтоочу
жабдыктар орнотулган болсо, алар
туташканын жана максатына ылайык
колдонулуп жатканын тактаңыз. М ындай
жабдыктарды колдонуу чаңдан келтирилген
зыянды азайтууга жардам берет.
З) Электр аспабы менен иштөө
тажрыйбаңыз мол болсо да, тиешелүү
техникалык коопсуздук эрежелерин
бузуучу ыкма менен иштебеңиз. Олдоксон
кыймылдар секунданын үлүшүндө олутту
жаракаттанууга алып келиши мүмкүн.
3.4 Электр аспабын колдонуу жана
аны сактоо
А) Электр аспабын өтө көп иштетүүгө тыюу
салынат. Сиздин жумуш үчүн туура келген
электр аспабын колдонуңуз. Туура келген
жабдуунун ылайыктуу кубаты менен сиз
жумушту жакшыраак жана коопсуз аткарасыз.
Б) Бузук өчүргүчү бар электр аспабын
колдонбоңуз. Көз каранды которгучу
иштебеген жабдууну колдонуу коркунучтуу,
аны оңдоо керек.
В) Кааалаган жөнгө салуу иштерин
кылуудан, тиешелүү бөлүктөрүн
алмаштыруудан мурда же электр аспабын
сактоодо розеткадан ачакейди сууруп
алыңыз жана / же батареяны чыгарып алып
коюуңуз. Бул эскертме иш чарасы электр
аспабын күтүүсүз жүргүзүүдөн сактайт.
Г) Кодонулбаган электр аспаптарын балдар
жетпеген жайда сактаңыз. Электр аспабын
колдонгонду билбеген же бул
нускамаларды окубаган адамдар аны
колдонушуна жол бербеңиз. Тажрыйбасыз
адамдын колунда электр аспаптары коркунуч
жаратат.
Д) Электр аспаптарын жана
аксессуарларын жакшы кармоо керек.
Кыймылдоочу бөлүктөрү тиешелүү түрдө
иштеп жатышын, такалып калбашын,
электр аспаптын ишине таасир этүүчү
сынык же бузук жерлери жок экендигин
байкаңыз. Электр аспабынын бузулган
бөлүктөрүн колдонбой туруп, оңдоого
өткөрүп бериңиз Көп кырсыктар электр
аспаптарды начар кармоо үчүн болот.
Е) Аспаптын кесүүчү бөлүктөрүн курс жана
таза кармаңыз. Туура тейленген курч кесүүчү
бөлүктөр чанда кысылат жана оңой
башкарылат.
Ж) Электр аспаптарын, аксессуарларды,
саптоолрду ж.б. бул нускамаларга ылайык
колдонуңуз. Жумуштун жана аткарылып
жаткан тапшырмалардын талап кылынган
шарттарына көңүл буруңуз. Электр
аспаптарын каралбаган максаттарда колдонуу
кооптуу абалга алып келиши мүмкүн.
З) Саптарды кургак жана майлардан таза
сактаңыз. Күтүлбөгөн учурларда сыйгалак
саптар электр жабдуусун колдонууда
коркунучту жогорулатат.
3.5 Аккумулятор менен иштеген
аспапты колдонуу жана сактоо
А) Кайра зарядка кылууну бир гана
даярдоочу сунуштаган зарядка жабдуусу
менен кылуу керек. Белгилүү бир
аккумулятор түрүнө дайындалган кубаттоочу
жабдууну башка жабдууга колдонгондо өрт
чыгышы мүмкүн.
КЫРГЫЗЧА ky
129

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Kgs 216 mKgs 254 mKgs 305 mKgs 18 ltx bl 216Kgs 18 ltx bl 254Kgs 18 ltx bl 305

Table of Contents