Download Print this page

Айлана-Чөйрө Тууралуу Маалымат; Киргизилген Батареяны Чыгаруу; Кепилдик Жана Колдоо - Philips AVENT SCD841 Manual

Hide thumbs Also See for AVENT SCD841:

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Айлана-чөйрө тууралуу маалымат
Киргизилген батареяны чыгаруу
Кепилдик жана колдоо
Бардык керексиз таңгактар алынып салынган. Биз таңгакты эки
материалга оңой бөлүүгө аракет кылдык: картон (куту жана
полиэтилен (баштыктар, коргоочу пенопласт).
Сиздин система атайын компания тарабынан кайра иштетилип
жана кайра колдонула турчу материалдардан турат. Таңгактоочу
материалдарды, жарабай калган батареяларды жана эски
жабдууларды таштандыга ыргытуу боюнча жергиликтүү эрежелерди
сактаңыз.
Эскертүү: Кайра кубаттоого боло турган батареяны
профессионалдык түрдө чыгарууну сунуштайбыз.
Кайра кубатоого боло турган батареяны шайманды таштандыга
ыргытканда гана чыгарыңыз. Батареяны чыгарып жатканда ал толук
бош экенин текшериңиз. Ата-эне блогунда гана батарея бар.
Жол-жобосу:
1 Ата-эне блогунун түбүндөгү 2 резина койгучун чыгарыңыз.
2 Ата-эне блогунун түбүндө көрүнүп турган 2 бурама мыкты
чыгарыңыз.
3 Антеннаны өйдө каратып коюп, корпустун артындагы көрүнүп
турган бурама мыкты чыгарыңыз.
4 Арткы корпус менен алдыңкы корпустун ортосун бурамаларды
ачуучу аспап менен түртүп, чыгарыңыз. 2020-жылдын августунан*
кийин чыгарылган жаңыраак версиялар үчүн, паспорттук
көрнөкчөнүн алдында дагы эки кошумча бурама бар. Паспорттук
көрнөкчөнү айрып, бурамаларды чыгарып, баскычты бошотуп,
батарея салынган бөлүктүн эшигин ачыңыз.
5 Батарея туташтыруучу кабелин ажыратыңыз (кара-ак-кызыл
кабель).
6 Батарея кармагычынан 4 бурама мыкты чыгарыңыз. 2020-жылдын
августунан кийин чыгарылган жаңы версияларда бурама мыктар
жок.
7 Батареяны чыгарыңыз.
*Өнүмдүн чыгарылган күнү DDMMYY баскычтын алдында, 2 резина
койгучтун үстүндө жайгашкан.
Эгер сиздин өлкөдө электроникалык өнүмдөрдү чогултуу/кайра
иштетүү системасы жок болсо, өнүмдү таштандыга ыргытуудан мурун,
батареяларын алып чыгып, кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөнү
коргой аласыз.
Батареяны чыгарардан мурун, өнүм кубатоо түзмөгүнөн
ажыратылганын текшериңиз.
Эгер маалымат же колдоо керек болсо, www.philips.com/support
баракчасына өтүңүз же дүйнөлүк кепилдик баракчасын окуп
чыгыңыз.
- Кыргызча 215 -

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Avent scd843Avent scd845Avent scd845/52