Үн деңгээлинин көрсөткүчтөрү
1
VIDEO
20°C
1
VIDEO
20°C
Режимдер
Ата-эне блогу балаңыздын бөлмөсүндөгү үн деңгээлин тынымсыз
көзөмөлдөп турат жана ата-эне блогундагы үн деңгээлинин
жарыктары бала бөлмөсүндө кандайдыр бир үн чыгып же чыкпаганы
тууралуу сизге кабарлап турат.
Эч кандай үн аныкталбаса, үн деңгээлинин жарыктары өчөт.
Бала блогу үн чыгарганда, ата-эне блогундагы бир же бир нече үн
деңгээлин көрсөткөн жарыктар жашыл болуп күйөт. Күйгүзүлгөн
жарыктын саны бала блогу кабыл алган үндүн катуулугуна жараша
болот. Балаңыз канчалык катуу ыйласа, үн деңгээлинин жарыгы
ошончолук көп күйөт.
Бул бала көзөмөлдөгүчүнүн төрт түрдүү режими бар, алар балаңызды
кантип багууну каалаганыңызды тандоого мүмкүндүк берет: VIDEO,
AUDIO, VOX жана ECO.
Бала көзөмөлдөгүчү күйгүзүлгөндө, ата-эне блогунун капталындагы
режим баскычын басып, бул 4 башка режимдин ортосунда которула
аласыз.
Дисплейде тандалган режим көрсөтүлөт. Тандалган режим абал
тилкесинде да көрсөтүлөт. Аппаратты күйгүзгөндө акыркы жолу
колдонулган режим активдүү болот.
- Кыргызча 199 -