Philips PerfectCare PSG7014/10 User Manual page 125

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
Тигинен үтүктөө
Көңүл буруңуз: Үтүктөн ысык буу чыгат. Бирөө кийип турган кийимдеги бырыштарды кетирүүгө эч
качан аракет кылбаңыз (Сүр. 12). Бууну өзүңүздүн же башкалардын колуна жакын багыттабаңыз.
Буу менен үтүктөө аркылуу илинип турган кездемелердеги бырыштарды тигинен үтүктөп жаза аласыз.
1 Үтүктү тигинен кармап, буу машасын басып, кийимге үтүктүн таманын акырын тийгизип, үтүктү
өйдө-ылдый жылдырыңыз (Сүр. 13).
Коопсуз коюу
Кийимди аңтарып жатканда үтүктү коюп коюу
Кийимиңизди аңтарып жатканда, үтүктү үтүк түпкүчүнө же үтүктөө тактасына туурасынан коюп
койсоңуз болот (Сүр. 6). OptimalTEMP технологиясы үтүк таманы үтүктөө тактасынын кабын бузуп
салбоосун камсыз кылат.
Энергияны үнөмдөө
Авто-өчүрүү
-
Эгер шайман 10 мүнөт колдонулбаса, энергияны үнөмдөө үчүн ал автоматтык түрдө өчөт.
Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы авто-өчүрүү жарыгы күйүп өчө баштайт.
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. Шайман кайра ысый баштайт.
Көңүл буруңуз: Шайман электр тармагына туташып турганда, аны эч качан көзөмөлсүз
калтырбаңыз. Колдонуп бүткөндөң кийин шайманды дайыма сууруп коюңуз.
Тазалоо жана тейлөө
Шайманды кебээрден тазалоо
EASY DECALC көрсөткүчү күйүп-өчүп баштаганда дароо EASY DECALC функциясын колдонуу абдан
маанилүү (Сүр. 14).
Болжол менен бир айдан кийин же 10 үтүктөөдөн кийин EASY DECALC көрсөткүчү күйүп өчүп,
шайманды кебээрден тазалоо керектиги тууралуу эскертүү берет. Үтүктөөнү улантууга чейин EASY
DECALC процедурасын аткарыңыз.
Эскертүү: Эгер сиз колдонгон суу катуу болсо, тез-тез кебээрден тазалап туруңуз.
Күйүп калуу коркунучун алдын алуу үчүн, шайманды сууруп, EASY DECALC процедурасын
аткарганга чейин жок дегенде эки саат муздаганча күтө туруңуз (Сүр. 15).
1 Ачакейди розеткадан сууруңуз.
2 Алынуучу суу челегин чыгарыңыз (Сүр. 2).
3 Үтүктү койгучтан чыгарыңыз.
4 Буу генераторунун корпусун кармап, чайкаңыз (Сүр. 16).
5 EASY DECALC сарпкапкагын чыгарыңыз (Сүр. 17).
6 Буу генераторунун корпусун жуунгучтун алдына кармап, EASY DECALC тешиги аркылуу бошотуңуз
(Сүр. 18).
Эскертүү: Шайманды эңкейтип жатканда, ал оор экенин эске алыңыз.
7 EASY DECALC сарпкапкагын кайра тагып, сааттын жебеси боюнча бурап бекитиңиз (Сүр. 19).
8 EASY DECALC процедурасын аткаргандан кийин дароо эле үтүгүңүздү колдоно берсеңиз болот.
Кыргызча
127

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Perfectcare 7000 seriesPerfectcare psg7024/20

Table of Contents