Philips GC7808/40 User Manual page 148

Hide thumbs Also See for GC7808/40:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
Кыргызча
150
1 Үтүктү тигинен кармап, буу машасын басып, кийимге үтүктүн таманын акырын тийгизип, үтүктү
өйдө-ылдый жылдырыңыз (Сүр. 13).
Коопсуз коюу
Кийимди аңтарып жатканда үтүктү коюп коюу
Кийимиңизди аңтарып жатканда, үтүктү үтүк түпкүчүнө же үтүктөө тактасына туурасынан коюп
койсоңуз болот (Сүр. 2). OptimalTEMP технологиясы үтүк таманы үтүктөө тактасынын кабын бузуп
салбоосун камсыз кылат.
Энергияны үнөмдөө
ECO режими
ECO режимин (аз өлчөмдөгү буу) колдонуу менен, үтүктөө натыйжасына таасирин тийгизбестен
энергияны үнөмдөсөңүз болот.
1 ECO режимин күйгүзүү үчүн, ECO баскычын басыңыз (Сүр. 14). Жашыл ECO көрсөткүчү күйөт.
2 ECO режимин өчүрүү үчүн, ЕCO баскычын кайра басыңыз. Жашыл ECO көрсөткүчү өчөт.
Коопсуздук авто-өчүрүү функциясы (айрым түрлөрүндө гана)
-
Эгер шайман 5 мүнөт колдонулбаса, энергияны үнөмдөө үчүн ал автоматтык түрдө өчөт. Күйгүзүү/
өчүрүү баскычындагы авто-өчүрүү жарыгы күйүп өчө баштайт.
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. Шайман кайра ысый баштайт.
Көңүл буруңуз: Шайман электр тармагына туташып турганда, аны эч качан көзөмөлсүз
калтырбаңыз. Колдонуп бүткөндөң кийин шайманды дайыма сууруп коюңуз.
Тазалоо жана тейлөө
Smart Calc-Clean Системасы
Шайман кебээрден тазалоо үчүн жана тазалоо маал-маалы менен аткарылышын камсыз кылуу үчүн
Smart Calc-Clean Системасы менен жабдылган. Бул буунун жакшы чыгышын камсыз кылып, убакыттын
өтүшү менен үтүктүн таманынан кир нерселер менен тактардын чыгышына жол бербейт. Тазалоо
процесси аткарылып жатканын билдирүү үчүн, буу генератору маал-маалы менен эскертүүлөрдү
берип турат.
Үн жана жарык менен Calc-Clean эскертүүсү
Колдонуп баштагандан 1 айдан 3 айга чейин, кебээрден тазалоо көрсөткүчү күйүп-өчүп, шайман үн
чыгарып, шайманды кебээрден тазалоо керектиги тууралуу эскертет (Сүр. 15).
Андан сырткары, буу генераторун кебээрдин чогулуп калышынан коргоо үчүн кошумча коргоо
механизми киргизилген: кебээрден тазалабаса, буу функциясы иштебей калат (Сүр. 16). Кебээрден
тазалагандан кийин, буу функциясы калыбына келет. Бул колдонулган суунун түрүнө карабастан боло
турган нерсе.
Эскертүү: Calc-Clean функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү көрсөткүч
күйө электе дагы.
Calc-Clean процессин Calc-Clean контейнери менен аткаруу
Көңүл буруңуз: Calc-Clean жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Көңүл буруңуз: Calc-Clean процессин дайыма Calc-Clean контейнери менен аткарыңыз. Процесс
учурунда үтүктү Calc-Clean контейнеринен албаңыз, анткени үтүктүн таманынан ысык суу жана
буу чыгат.

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Gc7800 series

Table of Contents