Panasonic NN-ST27HMZPE Operating Instructions Manual page 147

Hide thumbs Also See for NN-ST27HMZPE:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Маанилүү маалымат
Тамактарды даярдоо боюнча сунушталган
убакыты ашырылса тамак-аш бузулат;
ошондой эле өрттүн чыгышы жана мештин
ички үстү бузулушу мүмкүн.
Даярдоонун кыска интервалдары
Микро толкундуу меште тамактын
даярдалышы башка даярдоо ыкмалары
менен салыштырганда бир кыйла аз
убакытты талап кылгандыгын эсепке
алганда тамактын даярдыгын текшербей
сунушталган даярдоо убакытын ашырбаңыз.
Даярдоо узактыгына даярдыктын каалаган
даражасы, баштапкы температурасы, деңиз
деңгээлинен бийктик, өнүмдөрдүн көлөмү,
өлчөмү жана формасы жана ошондой эле
колдонулган идиш-аяк таасир этиши
мүмкүн. Мештин иштеши менен
таанышканыңызга жараша сиз даярдоого бул
факторлордун таасирин түзөтө аласыз.
Тамакты меште ашыра кармагандан көрө
жеткире кармабай кою жакшы. Эгерде тамак
жетиштүү эмес даяр болсо аны ар дайым
мешке кайра салып даяр болгонго чейин
калтырса болот. Эгерде тамак ашыра
кармалып калса аны оңдоого мүмкүн эмес.
Ар дайым даярдоого минималдуу убакыттан
баштаңыз.
Өнүмдөрдүн аз порциялары
Узак даярдоо учурунда бир аз порциялар
кургап же күйүп да кетиши мүмкүн. Даярдоо
убакытына бир аз аралык коюңуз жана тез-
тез тамактын даярдыгын текшерип туруңуз.
Төмөн нымдуулугу менен өнүмдөр
Нан азыктары, шоколад, аба жүгөрү, токоч,
кургатылган нандар жана башка ундан
жасалган азыктарга окшош төмөн
нымдуулугу менен өнүмдөрдү жылытканда
сак болуңуз. Узак даярдоо учурунда алар
күйүп, кургап же өрттөнүп кетиши мүмкүн.
Нымдуулукту аз камтыган өнүмдөрдү,
мисалы, аба жүгөрү же нанды жылытуу
сунушталбайт.
Алдыңкы меш азыктык өнүмдөргө гана
арналган.
Дан менен жаздыктар же суу менен
бөтөлкөлөр сыяктуу азык эмес
продукттарды жылытууга мешти
колдонбоңуз.
Жылытуу
Жылытылган тамакты ысык кезинде берүү
керек.
Мештен тамак-ашты чыгарып, ал жакшы
ысытылганына, башкача айтканда, бардык
жерден буу чыгып, соус көөп чыкканына көз
салыңыз. (Азык-түлүк үчүн термометрдин
жардамы менен тамак-аштын температурасы
72 °C-ка жеткенин текшерүү болот, бирок
термометрди микротолкундуу мештин
ичинде колдонбоңуз).
Аралаштырууга болбой турган өнүмдөрдүн
(лаэгерде тамак бышзанья, бышырма)
жылыгандыгын текшерүүгө аларды бычак
менен ортосунан кесүүгө болот. Чала
фабрикаттардын өндүрүүчүлөрүнүн
сунуштарын аткарсаңыз да, тамактын даяр
болгондугун дайыма текшериңиз, эгерде
тамак бышпаса, даярдоого кошумча
убакытты бериңиз.
Тамакты берүүгө чейинки кармоо
убакыты (туруктуулугу)
Тамак-ашты ичүүгө чейинки даярдоо же
жылытуу аягындагы убакыт, башкача
айтканда, тамактын жылуулугу анын
ортосуна жетип, муздак калган жерлерди
жылытканда кармоо убакыты тунуу
(устойка) деп аталат.
5
KIR

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Nn-st25hbzpe

Table of Contents