- Жаш балдарга шайманды тазалоого же техникалык тейлөө
иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
- Бул шайманды балдар колдонбошу керек. Шайманды
жана анын шнурун балдар жетпейт турган жерге коюңуз.
- Балдар шайман менен ойнобошу керек.
- Электр ачакейине суу төгүп албаңыз.
- Туура эмес колдонуудан улам мүмкүн болгон жаракат алып
калбоо үчүн, шайманды колдонуучунун нускамасында
көрсөтүлгөндөй гана колдонуңуз.
- Шайманды алдын ала ысытпаңыз.
- Толук куралган бөтөлкөнү капкагы менен бөтөлкө
жылыткычка дайыма суу куйганга чейин коюңуз.
- Бөтөлкө жылыткычты күйгүзгөнгө чейин суу куйганыңызды
текшериңиз.
- Ысык суу күйүп калууга алып келиши мүмкүн. Бөтөлкө
жылыткычта ысык суу бар кезде абайлаңыз.
- Шаймандын жеткиликтүү жерлери колдонуу учурунда
ысып кетиши мүмкүн жана колдонгондон кийин дагы ысык
бойдон калышы мүмкүн.
- Шайманда ысык суу бар кезде аны жылдырбаңыз.
- Тамак же сүт керектүү температурага жеткенде, бөтөлкөнү
же контейнерди бөтөлкө жылыткычтан алып салыңыз.
Эгер сиз тамакты же сүттү бөтөлкө жылыткычта калтырып
койсоңуз, тамактын же сүттүн температурасы көбөйө
берет.
- Балаңызга тамак берерден мурун дайыма тамактын
температурасын текшериңиз. Бөтөлкөнү акырын бурап,
билегиңиздин ички бөлүгүнө бир нече тамчы чачып көрүп
текшериңиз.
- Кыргызча 88 -