Эскертүү
• Көрсөтүлгөн жылытуу убактылары Philips Avent Natural жана Classic+ полипропилен
бөтөлкөлөрүнө негизделген. Philips Avent Anti-colic AirFree желдетүүчү полипропилен
бөтөлкөлөрү жана Natural айнек бөтөлкөлөрүндө жылытуу убакыттары бул
көрсөткүчтөрдөн четтеп кетерин билиңиз. Бөтөлкө түрүнөн жана материалынан сырткары,
калыңдык сыяктуу өзгөчөлүктөр дагы жылытуу убактысына таасир тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан, көбүрөөк өлчөмдөгү сүттү жылытуу азыраак убакыт алышы мүмкүн.
• Сүт сизге муздак сезилиши мүмкүн, бирок ымыркайга бул температура абдан жагымдуу.
Бөтөлкө жылыткычты баланын тамагын жылытуу үчүн колдонуу
1
Мурунку бөлүмдө көрсөтүлгөн кадамдарды жасаңыз.
2
Баланын тамагын жылытуу учурунда аралаштырып туруңуз, анткени ал
автоматтык түрдө аралашпайт. Аралаштыруу учурунда контейнерди/
банканы кармап жатканда манжаларыңызды күйгүзүп албоо үчүн
абайлаңыз.
Жылыткандан кийин бөбөктүн тамагы өтө ысык эмес экенин билүү үчүн кашык менен
текшериңиз. Эгерде бөбөктүн тамагы жетишерлик жылыбаса, контейнерди кайра
бөтөлкө жылыткычка салып, бөбөктүн тамагы керектүү температурага жеткенге чейин
жылытыңыз.
Эскертүү
• Бөбөк тамагынын консистенциясы түрдүү болгондуктан, оптималдуу натыйжа алуу үчүн
бөбөктүн тамагын жылытып жатканда тынымсыз аралаштырып, текшерип туруу сунушталат.
• Бөбөк тамагынын консистенциясы ар түрдүү болгондуктан, анын жылытуу убактысын
көрсөтүү мүмкүн эмес.
- Кыргызча 95 -