Download Print this page

Canon Business Inkjet WG7450Z Getting Started page 154

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Тиркеме
Евразия
экономикалык
бирлигинин
сүрөттөө талабы
Ар бир коопсуздук стандарт белгиси жана
декларациясы үчүн эскертүү
Ар бир коопсуздук стандарт белгиси жана
декларациясы ал тиешелүү болгон өлкө же
чөлкөмдүн чыңалуусу жана жыштыгы үчүн
гана жарактуу.
Коопсуздук
нускамалары
Бул бөлүм бул шайманды колдонгондорго
жана башкаларга жаракат келбеши жана
KY
мүлккө зыян келтирбөө үчүн маанилүү
коопсуздук нускамаларын сүрөттөйт.
Шайманды колдонордон мурда бул бапты
окуп чыгып, шайманды туура колдонуш үчүн
нускамаларды аткарыңыз. Бул жетекте
сүрөттөлбөгөн бир да операцияны
аткарбаңыз. Бул жетекте сүрөттөлбөгөн
иштерден, орунсуз колдонуудан же Canon же
Canon ыйгарым укук берген үчүнчү тарап
аткарбаган оңдоо же өзгөртүүлөрдөн чыккан
кандай болбосун зыяндар үчүн Canon
жооптуу болбойт. Бул шайманды туура эмес
колдонуу же иштетүү жеке жаракат жана/же
Чектелген Кепилдигиңиз жаппаган олуттуу
оңдоону талап кылган зыянга алып келиши
мүмкүн.
ЭСКЕРТҮҮ
Туура аткарылбаса, кишилердин өлүмүнө
же жаракат алышына алып келиши
мүмкүн болгон иштерге байланышкан
кооптондурууну билдирет. Шайманды
коопсуз колдонуу үчүн бул
кооптондурууларга дайыма көңүл
буруңуз.
АБАЙЛАҢЫЗ
Туура аткарылбаса, кишилер жаракат
алышына алып келиши мүмкүн болгон
иштерге байланышкан сактык чарасын
билдирет. Шайманды коопсуз колдонуу
үчүн бул сактык чараларына дайыма
көңүл буруңуз.
МААНИЛҮҮ
Иштетүү боюнча талаптарды жана
чектөөлөрдү билдирет. Шайманды туура
иштетип, шайманга же мүлккө зыян
келтирбеш үчүн бул нерселерди кунт
коюп окуп чыгыңыз.
Орнотуу
Шайманды коопсуз жана коркунучсуз
колдонуу үчүн төмөнкү абайларды кунт коюп
окуп чыгып, шайманды туура келген жайга
орнотуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
Муну өрт же электр соккусуна алып келген
жерде орнотпоңуз
• Вентиляциялык уюктар бөгөттөлгөн жерде
(дубалдарга, керебеттерге, дивандарга,
килемдерге же ушундай сыяктуу
нерселерге жакын койбоңуз)
• Нымдуу же чаңдуу жерге
56
• Күндүн түздөн-түз тийген жерине же
сыртта койбоңуз
• Жогорку температуралуу жерге
• Ачык отко жакын жерге койбоңуз
• Спирт, эритүүчү суюктуктар же башка тез
дүрт этүүчү суюктуктарга жакын жерге
койбоңуз
Башка эскертүүлөр
• Колдоого алынбаган кабелдерди бул
шайманга туташтырбаңыз. Мындай
кылсаңыз, өрт же электр соккусуна алып
келиши мүмкүн.
• Шуруларды жана башка темир нерселерди
же суюктук куюлган идиштерди
шаймандын үстүнө койбоңуз. Эгер
шаймандын ичиндеги электрикалык
бөлүкчөлөргө жат суюктуктар тийсе, бул
өрткө же токко урунуу коркунучуна алып
келиши мүмкүн.
• Тандоо боюнча тагылуучу аксессуарларын
орнотуп жана чыгарып жатканда кубатты
өчүрүп, кубат айрысын сууруп, андан соң
интерфейс кабелдеринин баарын жана
кубат шнурун шаймандан ажыратыш
сөзсүз керек. Антпесе, кубат шнуру же
интерфейс кабелдери зыянга учурап, өрт
чыгышы же электр соккусуна урунуу
мүмкүн.
• Эгер кандайдыр бир жат суюктук
шаймандын ичине куюлуп кетсе, кубат
шнурун кубат булагынан дароо сууруп
алып, жергиликтүү ыйгарым укуктуу Canon
дилери менен байланышыңыз.
Төмөндөгү жерлерге орнотпоңуз
Шайман жыгылып же түшүп кетип, ага зыян
келтирилиши мүмкүн.
• Туруксуз жер
• Вибрациялар келтирилген жерге
АБАЙЛАҢЫЗ
Төмөндөгү жерлерге орнотпоңуз
Мындай кылуу шайманды зыянга учуратышы
мүмкүн.
• Бийик же төмөн температура жана
нымдуулук чектерине дуушар болгон
жайгашуу
• Температурасы же нымдуулугу чектен
чыгып өзгөрүп турган жайгашуу
• Магнит же электр магнит толкундарын
пайда кылган жабдуунун жаны
• Химиялык реакциялар болгон лаборатория
же жайгашуу
• Дат бастыруучу же уулуу газдары бар
жайгашуу
• Шаймандын салмагынан ийилип кетиши
мүмкүн болгон же шайман чөгүп кете
турган жайгашуу (килем ж.у.с.)
Тегиздөө буту (тегиздөө буту бар өнүмдөр
үчүн гана)
Шайман орнотулгандан кийин тегиздөө бутун
чыгарбаңыз, антпесе шайман кулап же
оодарылып кетип, кишилер жаракат алышы
мүмкүн.
Зымсыз LAN колдонуп жатканда (зымсыз
LAN функциясы бар өнүмдөр үчүн гана)
• Шайманды зымсыз LAN роутеринен 50 м
же андан азыраак аралыкка орнотуңуз.
• Мүмкүн болушунча байланышты тоскоол
болгон нерселер бөгөбөгөндөй жерге
орнотуңуз. Дубал же жертаман аркылуу
өтүүдө сигнал төмөндөшү мүмкүн.
• Шайманды санарип шнурсуз
телефондордон, микротолкун очокторунан
же башка радио толкундарын чыгарган
жабдуудан мүмкүн болушунча алыс
коюңуз.
АБАЙЛАҢЫЗ
Canon WG7000 сериялуу принтери менен
кассет берүү бөлүгүн колдонуп жатканда,
принтерди кассет берүү бөлүгүнө бекем
тиркөө үчүн жетектеги нускамаларды
аткарыңыз. Принтер менен кассет берүү
бөлүгүн дайыма мындай айкаштырыңыз.
Canon WG7000 сериясы: Canon Cassette
Feeding Unit CF10 урунуңуз.
Принтер менен кассет берүү бөлүгүнүн
жогоруда көрсөтүлгөндөн башка айкашын
урунуу, жогорку тизмеде жок кассет берүү
бөлүгүн урунуу же принтерди кассет берүү
бөлүгүнө бекем такпоо туруксуз болуп,
жаракат келтириши мүмкүн.
Кубат булагы
ЭСКЕРТҮҮ
• Атайын көрсөтүлгөн чыңалуу талаптарына
төп келген кубат камсыздагычын гана
колдонуңуз. Эгер муну аткарбасаңыз, бул
өрткө же электр соккусуна урунуу
коркунучуна алып келиши мүмкүн.
• Камсыз кылынган кубат шнурларын
башкаларды колдонбоңуз, себеби бул
өрткө же токко урунуу коркунучуна алып
келиши мүмкүн.
• Камсыз кылынган кубат шнуру бул
шайманга гана арналган. Бул шнурду
башка түзмөктөргө туташтырбаңыз.
• Кубат шнурун өзгөртпөңүз, тартпаңыз,
катуу бүкпөңүз жана шнурга зыян
келтирүүчү башка аракеттерди жасабаңыз.
Кубат шнуруна оор нерселерди койбоңуз.
Кубат шнуруна зыян келтирсеңиз, бул
өрткө же электр соккусуна урунуу
коркунучуна алып келиши мүмкүн.
• Кубат ажырымына шнурду суу колдоруңуз
менен сайбаңыз жана суурбаңыз. Себеби
бул өрткө же электр соккусуна урунуу
коркунучуна алып келиши мүмкүн.
• Шайманга узарткычтарды же
тройниктерди сайбаңыз. Мындай
кылсаңыз, өрт же агын уруусуна алып
келиши мүмкүн.
• Кубат шнурун оробоңуз жана байлабаңыз,
себеби бул өрткө же электр соккусуна
урунуу коркунучуна алып келиши мүмкүн.
• Кубат шнурун кубат чыгуу булагына
түздөн-түз сайыңыз. Эгер муну
аткарбасаңыз, бул өрткө же токко урунуу
коркунучуна алып келиши мүмкүн.
• Эгер күн куркурөп, жаан жааса, кубат
шнурун кубат булагынан толугу менен
сууруп коюңуз. Эгер кылбасаңыз, бул
өрткө, электр соккусуна урунуу
коркунучуна же шайманга зыян алып
келиши мүмкүн.
• Шаймандын кубат камсыздоосу коопсуз
жана туруктуу чыңалууда болушу керек.
• Кубат шнурун ысык булагынан алыс
кармаңыз; муну аткарбасаңыз, ал шнурдун
кабыгы ээрип, бул өрткө же электр
соккусуна урунуу коркунучуна алып
келиши мүмкүн.
• Эгер кубат шнурунун туташуу бөлүгүно өтө
күчтүү басым кылынса, бул кубат шнуруна
зыян келтириши мүмкүн же шаймандын
ичиндеги зымдар ажырап кетиши мүмкүн.
Бул өрткө алып келиши мүмкүн.
Төмөндөгүдөй абалдардан алыс болуңуз:
– Кубат шнурун кайра кайра сайып, сууруп
туруу.
– Кубат шнуру менен ойноо.
– Кубат шнуру туташуу жагына жакын жерден
бүгүлүп, кубат булагына же туташуу
бөлүмүнө катуу басым жасалган учур.
– Кубат шнуруна өтө катуу басуу.

Advertisement

loading