Кыргызча
116
-
Мотор блогун же адаптерди эч качан сууга же идиш жуугучка салбаңыз, анткени бул бөлүктөргө
туруктуу зыян келтирет.
-
Адаптерди жана силикон түтүктөрүн бул бөлүктөрдүн ашыкча ысып кетүүсүнөн жана
деформациясын болтурбоо үчүн ысытылган беттерден алыс кармаңыз.
Биринчи колдонуу алдында
Сүт сордургучту биринчи жолу колдонуудан мурун жана ар бир колдонуудан кийин эмчек сүтү менен
байланышта болгон бардык бөлүктөрүн ажыратып, тазалап жана дезинфекциялоо керек.
Аппаратты биринчи жолу колдонуудан мурун же көп убакыт колдонбогондон кийин толук
кубаттаңыз.
Тазалоо жана дезинфекциялоо
Карап чыгуу
Эмчек жана эмчек сүтү менен тийген бөлүктөрдү төмөндө сүрөттөлгөндөй тазалаңыз жана
дезинфекциялаңыз:
Төмөнкү бөлүктөр эмчек жана эмчек сүтү менен байланышпайт; аларды төмөндө сүрөттөлгөндөй
тазалаңыз:
Качан
Биринчи жана ар бир
колдонгондон кийин тазалап,
дезинфекциялаңыз.
Качан
Керек болгондо тазалаңыз.
Кандай
Бардык бөлүктөрүн ажыратып,
андан кийин аларды "Тазалоо"
бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй
тазалаңыз жана "Дезинфекциялоо"
бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй
дезинфекциялаңыз.
Кандай
Суу жана жумшак жуучу каражат
менен таза, нымдуу чүпүрөк менен
сүртүңүз.