БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шартында түзмөктү транспортто-
одон же сактоодон кийин аны 3 сааттан кем эмес
мөөнөткө үй температурасында сактоо зарыл.
•
Түзмөктү кутудан чыгарып, иштегенине тоскоолдук
кылган ар кандай чаптамаларды сыйрып алыңыз.
•
Түзмөктүн бүтүн болгондугун текшерип, бузулуулар
бар болсо түзмөк колдонбоңуз.
•
Түзмөктү иштеткенден мурун анын иштөөчү чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
•
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц же 60 Гц болгон алмашма
ток тармагында иштөөгө арналган, зарыл болгон ыл-
дамдыгында иштегени үчүн эч кошумча жөндөөнүн
зарылдыгы жок.
КОЛДОНУУ
Жасалгалоонун алдында чачты шампунь менен жууп,
фен менен кургатып тараңыз.
Эскертүү: Иштеп турган түзмөктү кандайдыр бир
бетке койбоңуз, аны илгичинен илип коюу керек (8),
иштөө пластиналары жана тышкы иштөөчү беттери
жеңил эрүүчү жана жеңил тутануучу буюмдарга тийгиз-
беш керек.
•
Биринчи колдонгондо, иштөө бетинен башкача жыт
жана бир аз түтүн чыгышы мүмкүн, бул нормалдуу
көрүнүш.
Көңүл буруңуз! Корпустун тышкы бети абдан
ысыйт, ошондуктан түзмөктүн туткасынан (6)
гана кармаңыз.
•
Түзмөктүн ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгенден
абайлаңыз.
•
Чачыңызды жасалгалоодон кийин дароо тарабаңыз,
муздаганына убакыт бериңиз. Жасалгалоо кады-
ресе көрүнүүсү үчүн, манжалар менен тутамдарды
бөлүңүз.
•
Иштөө пластиналарды (2) ачыңыз, ал үчүн аларды
басып, бекитмени (6) «сырткы» абалына - тармактык
боонун (7) абалына жылдырыңыз.
•
Тармактык шнурдун айрысын электр розеткасына
сайыңыз. Дисплейде «OFF» («Өчүрүлгөн») индикаци-
ясы көрсөтүлөт.
КЫРГЫЗ
35