КЫРГЫЗ
ЧАЧ ТҮЗДӨГҮЧ VT-1336
Түзмөк чачты түзөтүү үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Дисплей
2. Иштөө пластиналар
3. Температураны жогорулатуу «+» баскычы
4. Температураны азайтуу «-» баскычы
5. Өчүрүү/күйгүзүү баскычы «
6. Иштөө пластиналардын бекитмеси
7. Электр шнуру
8. Асып коюу үчүн илмекче
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Ушул түзмөктү суу толтурулуучу
жайларда (раковина жана ванна ж.у.с) колдонбоңуз.
•
Түзмөктү ванна бөлмөсүндө пайдаланууда, колдон-
гондон кийин аны электр тармагынан дароо ажыра-
тып башкача айтканда тармактык шнурдун айрысын
электр тармагынан сууруп, түзмөктү өчүрүү зарыл,
себеби суунун жакындыгы түзмөк өчүргүч менен
өчүрүлгөндө деле коркунучту жаратат.
•
Кошумча коргонуу үчүн ванна бөлмөсүндөгү электр
тармагында потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашыр-
баган коргоп өчүрүүчү түзмөгүн орнотуу максатка
ылайыктуу; аспапты орнотуу үчүн атайын адиске
кайрылыңыз.
•
Иштеп турган түзмөктү кандайдыр бир бетке койбоңуз,
аны илгичинен илип коюу керек (8). Иштөө пласти-
налары жана тышкы иштөөчү беттери жеңил эрүүчү
жана жеңил тутануучу (пластмассадан, полиэтилен-
ден, синтетикалык материлдардан ж.у.с.) буюмдарга
тийбегенин текшериңиз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун колдонмону көңүл
коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Түзмөктү туура эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же колдо-
нуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Түзмөктү биринчи жолу иштеткенден мурун түзмөктүн
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
»
32