Vitek VT-3627 Manual Instruction page 18

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
КЫРГЫЗ
салынат, ал үчүн жабдыктын жыйынтыгына кир-
ген түрткүчтү (1) гана колдонуңуз.
Эт туурагычтын корпусун, электр шнурун же
кубаттуучу сайгычын сууга же башка ар кыл
суюктуктарга эч учурда салбаңыз.
Катуу талчалары бар (мисалы, имбирь же хрен)
азыктарды эт туурагычында иштетүүгө аракет
кылбаңыз.
Эт тыгылып калбас үчүн аны түрткүч (1) менен
түрткөндө ашыкча күч салбаңыз.
Тыгылып калган ар кыл катуу кесим шнектин
же бычактын айлануусун токтотуп калса, шай-
манды токтоосуз өчүрүп, иштетүүнү улантуунун
алдында шнектин «R» (реверс) тескери айлануу
функциясынын жардамы менен тыгылган жерин
бошотуп алыңыз.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температурада
ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн тем-
пературасында кеминде үч саат кармап туруп,
анан иштетүү керек.
Электр эт туурагычты чыгарып, болгон таңгак мате-
риалдарын алып салып, корпусун нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
Болгон чечилме бөлүктөрүн (1, 2, 3, 8, 9, 10, 11)
нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу сууга
жууп, чайкап, кураштыруунун алдында жакшы-
лап кургатып алыңыз.
Биринчи иштеткенде чыңалуусу электр тарма-
гынын чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип
алыңыз.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ ИШЕТҮҮНҮН НЕГИЗГИ
ПРИНЦИПТЕРИ
Эт туурагыч сөөгү жок этти үй шарттарында гана
иштетүүгө арналган.
Шайманды куратырып, тегиз кургак беттин үстүнө
орнотуңуз.
Корпусундагы аба тешиктери тосулбаганын тек-
шерип алыңыз.
Тармактык шнурдун сайгычын электр розетка-
сына сайыңыз.
Эт туурагычтын бөркүнүн (3) астына ылайыктуу
идишти коюңуз.
Эт толугу менен эригенин текшерип, болгон
сөөктөрү менен ашыкча майын алып салып, этти
азыктар үчүн идиштин (2) тешигине бош кире
турган өлчөмүндөгү кубиктерге же узун кесимде-
рине кесип алыңыз.
Которгучту (7) «ON» абалына коюп, шайманды
иштетиңиз.
Этти эт туурагычтын бөркүнүн оозуна (3)
түрткүчтүн (1) жардамы менен шашпай түртүп
туруңуз. Шайманды иштетүү учурунда топтомуна
кирген түрткүчтү (1) колдонуңуз.
Этти башкача буюмдар менен түртүүгө тыюу
салынат, этти колуңуз менен эч качан түртпөңүз.
Этти же башка азыктарды түрткөндө ашыкча күч
салбаңыз.
Этти туураган мезгилде ал тыгылып калышы
мүмкүн, тыгылган жерин бошотуу үчүн шнек-
тин тескери айлануу функциясын пайдаланыңыз.
Шнектин тескери айлануу функциясына которуу
үчүн которгучту (7) «0» абалына коюп эт туура-
гычты өчүрүңүз, андан кийин которгучту (7) «R»
абалына которуп кармап туруңуз.
Азыктарды токтоосуз иштетүү убактысы 5 мину-
тадан ашырбаганы зарыл.
Шайман 10 минутанын ичинде токтоосуз иштеге-
нинен кийин аны өчүрүп, муздаганына 10 минута
мөөнөтүн
берип,
улантсаңыз болот.
Эт туурагычты иштетип бүткөндө которгучту (7)
«0» абалына коюп аны токтотуңуз, эт туурагычты
электр тармагынан чыгарып, андан кийин гана
ажыратып баштасаңыз болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
Эт туурагычтын бөркүн бекиткич баскычын (5)
басып туруңуз, эт туурагычтын бөркүн (3) орнотуу
жайына (4) киргизип, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багытына каршы токтогонуна
чейин бурап, баскычты (5) бошотуңуз (сүр. 1, 2).
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна
(3) орнотуңуз (сүрөт 3).
Крест сыяктуу бычагын (9) орнотуңуз (сүрөт 4).
Панжарадагы (10) чыгып турган жерлерин эт туура-
гычтын бөркүнүн корпусундагы (3) оюктары менен
дал келтирип аны бычактын (9) үстүнө орнотуңуз,
гайканы (11) бекитип салыңыз (сүрөт 5, 6).
Көңүл буруңуз!
Бычакты (9) кесүү жагын панжарага каратып
орнотуңуз. Бычак (9) туура эмес орнотулган
болсо, ал тууроо функциясын аткарбайт.
Эт туурагычтын бөркүнүн оозуна (3) азыктарды
салуучу идишин (2) орнотуңуз.
Тармактык шнурдун айрысын электр розетка-
сына сайыңыз.
Которгучту (7) «ON» абалына коюп, эт туура-
гычты иштетиңиз.
Шайманды иштетүү мезгилинде түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз (сүр. 7).
Эскертүү:
Этти тууроо процессин жакшыртуу үчүн этти
сызыктарга же кубиктерге туурап алыңыз.
Тоңдурулган этти толугу менен эритүү зарыл.
Шайманды иштетүү учурунда жабдыктын
жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1) гана
колдонуңуз; азыктарды башкача буюмдар менен
түртүүгө тыюу салынат, этти бармагыңыз
менен эч качан түртпөңүз.
Эт туурагычты иштетип бүткөндө которгучту (7)
«0» абалына коюп аны токтотуңуз, эт туурагычты
электр тармагынан чыгарып, андан кийин гана
ажыратып баштасаңыз болот.
Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гайканы
(11) бурап бошотуп, коюлган панжарасын (10),
крест сыяктуу бычагын (9) жана шнегин (8) эт
туурагычтын бөркүнүн корпусунан чыгарыңыз.
18
андан
кийин
иштетүүнү

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents