Philips HI5920/20 User Manual page 86

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 4
Кыргызча
88
Үтүктөп баштоо үчүн буу машасын басып, кармап туруңуз. Эң жакшы үтүктөө натыйжасына жетүү үчүн,
буу менен үтүктөгөндөн кийин, акыркы үтүктөөнү буусуз аткарыңыз.
Автоматтык түрдө өчүү режими
Бул сериялардагы белгилүү моделдерде автоматтык түрдө өчүү режими бар.
-
Эгер шайман 5 мүнөт колдонулбай турса, энергияны үнөмдөө үчүн ал автоматтык түрдө өчөт. "Үтүк
даяр" жарыгы күйүп-өчөт.
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү которгучун "өчүк" абалына коюп, андан соң кайра
"күйүк" абалына коюңуз. Ошондо шайман кайра ысып баштайт.
Тазалоо жана тейлөө
Smart Calc-Clean Системасы
Шайман кебээрден тазалоо үчүн жана тазалоо маал-маалы менен аткарылышын камсыз кылуу үчүн,
Smart Calc-Clean Системасы менен жабдылган. Бул буунун жакшы чыгышын камсыз кылып, убакыттын
өтүшү менен үтүктүн таманынан кир нерселер жана тактардын чыгышына жол бербейт. Тазалоо
процесси аткарылып жатканын билдирүү үчүн, буу генератору маал-маалы менен эскертүүлөрдү
берип турат.
Үн жана жарык менен Calc-Clean тууралуу эскертүү
Колдонуп баштагандан 1 айдан 3 айга чейин, Calc-Clean көрсөткүчү күйүп-өчүп, шайман үн чыгарып,
Calc-Clean процессин аткаруу керектиги тууралуу эскертет (Сүр. 3).
Кеңеш: Буу машасын баспастан, кургак үтүктөй берсеңиз болот.
Андан сырткары, буу генераторун кебээрдин чогулуп калышынан коргоо үчүн кошумча коргоо
механизми киргизилген: кебээрден тазалабаса, буу функциясы иштебей калат. Кебээрден
тазалагандан кийин, буу функциясы калыбына келет. Бул колдонулган суунун түрүнө карабастан
болот.
Эскертүү: Calc-Clean функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү көрсөткүч
күйө электе дагы.
Calc-Clean процессин Calc-Clean контейнери менен аткаруу
Көңүл буруңуз: Calc-Clean жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Абайлаңыз: Процесс учурунда үтүктү Calc-Clean контейнеринен албаңыз, анткени үтүктүн
таманынан ысык суу жана буу чыгат.
1 Суу челегин жарымына чейин толтуруңуз (Сүр. 4).
Эскертүү: Calc-Clean учурунда шайман розеткага сайылуу жана КҮЙҮК экенин текшериңиз.
2 Calc-Clean контейнерин үтүктөө тактасына же башка түз, туруктуу жерге коюңуз.
3 Үтүктү Calc-Clean контейнерине түз кылып коюңуз (Сүр. 5).
Эскертүү: Calc-Clean контейнери Calc-Clean процесси учурунда кебээр бөлүкчөлөрүн жана ысык
сууну чогултуу үчүн арналган. Процесс учурунда үтүктү контейнерге коюу коопсуз болуп саналат.
4 CALC-CLEAN баскычын басып, кыска үн чыккыча 2 секунд кармап туруңуз (Сүр. 6).
5 Calc-Clean процесинде кыска үн сигналдарын жана насостун үнүн угасыз (Сүр. 7).
6 Calc-Clean процесси аяктагандан кийин, үтүк үн чыгарбай, CALC-CLEAN көрсөткүчү күйүп-өчпөй
калат (Сүр. 8).
7 Үтүктү чүпүрөк менен сүртүп, кайра койгучка коюңуз (Сүр. 9).

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Hi5919/30Hi5912/30

Table of Contents