Metabo LC 12 Original Instructions Manual page 48

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 5
ky
КЫРГЫЗСЧА
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу
декларация
Биз, баарына жооптуу болуу менен: Бул жерде
тиби жана сериялык номуру (LC 12: 2710..., LC
40: 2706...), деп аныкталган бул дүрмөттөгүчтөр
бардык тиешелүү регламенттердин
2014/30/ЕБ, 2014/35/ЕБ, 2011/65/ЕБ
жана стандарттардын EN 60335-1, EN 60335-2-
29,EN 50581:2012 талаптарына жооп берет деп
билдиребиз.
Мындагы техникалык документтер:
Vice President Product Engineering & Quality
Responsible person for Documentation
Metabowerke GmbH, 72622 Nuertingen, Germany
2. Багыты боюнча колдонуу
Дүрмөттөгүчтөр Metabo батареяларын
дүрмөттөгөнгө гана жарактуу.
Бул курал физикалык, сенсордук же менталдык
кемтиктери бар же тажрыйбасы жана/же
билими жетишсиз эл тарабынан, алардын
коопсуздугу үчүн жооптуу киши карап турбаса
же алар куралды кандай колдонуу керектиги
боюнча нускама албаса, колдонууга арналган
эмес.
LC 12 / LC 40 жабдуусу Li-ion батареяларын
(10,8-12 В, 1,5 А/с - 5,2 А/с, 3 уяча)
дүрмөттөгөнгө арналган.
Кайра дүрмөттөгөнгө жарабаган
батареяларды эч качан дүрмөттөгөнгө
аракет кылбаңыз. Жарылып кетиши
мүмкүн!
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип
чыккан зыян үчүн талап кылуучу өзү
жоопкерчилик тартат.
Кырсыктарга жол бербөөнүн жалпы кабыл
алынган эрежелери жана ага кошумча
коопсуздук нускамаларын аткарыш керек.
3. Техникалык коопсуздуктун
жалпы эрежелери
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! -
Жаракат алуу коркунучун
болтурбоо үчүн пайдалануу
боюнча нускаманы окуңуз.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА:
Коопсуздук
эскертүүлөрүнүн жана
нускамаларынын баарын
окуп чыгыңыз.
48
2017-06-01
Bernd Fleischmann
Коопсуздук
эскертүүлөрүнүн жана
нускамаларынын баарын
окубагандан электр соккусу, өрт
чыгышы жана/же олуттуу
жаракат алуу келип чыгышы
мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн
бардык алдын ала
берилгендерди жана
нускамаларды сактап
койгула.
Дүрмөттөгүчтү
колдонордон мурда
ичиндеги коопсуздук
маалыматын жана Иштетүү
нускамаларынын баарын кунт
коюп окуп чыгып, жакшылап
билип алыңыз. Ичиндеги
документтердин баарын кийин
караганга калтырып,
дүрмөттөгүчтү алар менен кошо
гана өткөрүп бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелер
Өзүңүздүн сактыгыңыз
үчүн жана электр
инструментиңиздин
сактыгы үчүн деп белги
коюлган жерлерге көңүл
буруңуз!
Сак болуңуз – электр
чыңалуусу бийик!
Жакшы иштебеген Li-
Ion аккумулятору бат
күйүп кетүүчү
суюктуктун агып
кетишине алып келет!
Аккумулятордон суюктук агып
кеткенде жана адамдын териси
менен контакт болгондо,

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Lc 40

Table of Contents