Кыргызча - Philips XB9185 Manual

Hide thumbs Also See for XB9185:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Кыргызча
18
Киришүү
Сатып алууңуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips cунуштаган колдоо кызматынан
толугу менен пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/MyVacuumCleanerсайтында каттаңыз.
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Шайманды колдонуудан мурун ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк
колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Коркунуч
-
Эч качан суу же башка суюктуктарды, тез өрттөнүүчү субстанцияларды же ысык чокту
сордурбаңыз.
Эскертүү
-
Шайманды туташтыруудан мурун, анда көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү электр чыңалуусуна
туура келерин текшериңиз.
-
Штепсели, электр шнуру же өзү бузулган шайманды колдонбоңуз.
-
Эгер электр шнуру бузулган болсо, коркунучтарды болтурбоо үчүн аны Philips, Philips уруксат
берген кызмат борборунан же ушундай квалификациясы бар адамдарга алмаштыртып алышыңыз
керек.
-
Шлангты, түтүктү же башка жабдууларды көзгө, кулакка каратпаңыз, ошондой эле аларды
оозуңузга салбаңыз.
-
Шайманды тазалап же кам көрүүнүн алдында, розетка кубат булагынан суурулушу керек.
-
Шайманды трансформатор менен бирге колдонбоңуз, анткени бул коркунучтуу жагдайга алып
келиши мүмкүн.
-
Шайманды 8 жаштан жогору балдар жана дене, сездиргич, акыл-эс жагынан мүчүлүшү бар же
тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көзүнчө же түзмөктү коопсуз жол менен
пайдалануу тууралуу акыл берилсе жана боло турган коркунучтарды элестете алышса, колдоно
алышат. Балдар шайман менен ойнобошу керек. Тазалоо жана колдонуучу тейлей турган ишин
балдарга жанында киши жокто бербеш керек.
-
Бул чаң соргуч үй шартында колдонуу үчүн арналган. Бул чаң соргучту курулуш таштандыларын,
цемент чаңын, күл, майда кум, акиташка окшогон заттарды сордуруу үчүн колдонбоңуз. Эч качан
чаң соргучту чыпкасыз колдонбоңуз. Бул анын моторуна зыян келтирип, чаң соргучтун иштөө
мөөнөтүн азайтышы мүмкүн. Чаң соргучтун бардык бөлүктөрүн ар дайым колдонуучунун
нускамасында көрсөтүлгөндөй ыкмада тазалаңыз. Колдонуучунун нускамасында атайын белгилеп
көрсөтүлбөсө, андай бөлүктөрдү суу жана/же тазалоочу каражаттар менен тазалабаңыз.
Көңүл буруңуз
-
Эгер жуулуучу чыпканы суу менен тазаласаңыз, аны кайрадан шайманга салуудан мурун, толугу
менен кургатыңыз. Чыпканы күндүн түз тийген нурунда, жылыткычта же кургаткычта кургатпаңыз.
Жуулуучу чыпка жакшылап тазаланбай калса же ага зыян келтирилген болсо, аны алмаштырып
коюңуз.
-
Чаңды оптималдуу кармоо жана чаң соргучтун иштешине кепилдик берүү үчүн, чыпкаларды ар
дайым туура түрдөгү түпнуска Philips чыпкаларына алмаштырыңыз ('Шаймандарга буйрутма берүү'
караңыз).
-
TriActive LED сабында LED жарыгы бар. Жарык булагына тике карабаңыз (1-сүрөт).
-
LED жарыктарын адамдардын же жаныбарлардын көздөрүнө каратпаңыз.
Кыргызча

Hide quick links:

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents