Metabo WE 19-125 Q M-Brush Original Instructions Manual page 133

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 16
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу
декларация
Түрү жана сериялык номери аркылуу
белгиленген бул жылмалоочу машина
төмөнкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке
жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1),
директиванын бардык жоболоруна *2) жана
нормаларына *3). техникалык документтерге *4)
– 4-беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Metabo фирмасынын түпнуска толуктоочу
тетиктери менен жылмалоочу машинанын
комплектиси жылмалоого, барабандуу, чоюлган
наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу
станоктордо колдонууга, зымдуу щеткалар
менен колдонууга жана металлды, бетонду,
ташты жана ага окшогон материалдарды суу
колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө
багытталган.
WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 QuickInox,
WEV 17-125 Quick Inox RT ошондой эле жөнөкөй
жылмалоо иштерине да ылайыктуу. Татаал
жана көп убакыт талап кылган жылмалоо
иштеринде бурчтуу жылмалоочу машинаны
сунуштайбыз.
WEV.. белгиси менен белгиленген машиналар
орнотуучу дө?гөлөкчөсү бар болгондуктан,
зымдуу щетка менен тазалаганга абдан
ы?гайлуу.
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип
чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик
тартат.
Кокустук кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы
кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген
техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды
сактоо керек.
3. Техникалык коопсуздуктун
жалпы эрежелери
Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана
электр инструментиңиздин сактыгы
үчүн деп белги коюлган жерлерге
көңүл буруңуз!
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу
коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу
боюнча нускаманы окуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ Коопсуздук жана иштетүү
боюнча бардык нускамаларды окуп
Коопсуздук жана иштетүү боюнча
чыгыңыз.
нускамалар аткарылбаса, электр тогунан сокку
алынышы, өрт чыгышы жана/же оор жаракат
алынышы мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала
берилгендерди жана нускамаларды сактап
койгула.
Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө,
анын бардык бул документтери менен кошо
бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелер
4.1
Жылмалоо, наждак кагазы менен
жылмалоо, зымдуу щетка менен сүрүү
жана абразивдүү кесүүдөгү жалпы
коопсуздук чаралары:
Колдонуу
a) Бул электр шайманы жылмалоо,
барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү
менен жылмалоочу станоктордо колдонуу,
зымдуу щеткалар менен колдонуу жана
алмаздуу тегерек менен кесүү үчүн
колдонулат. Коопсуздук боюнча бардык
көрсөтмөлөрдү, нускамаларды,
схемаларды жана шайман менен бирге
берилген маалыматты аткаруу зарыл
Төмнөндө келтирилген көрсөтмөлөр
аткарылбаса, электр соккусуна кабылуу, өрт
чыгуу жана/же оор кесепеттер чыгышы мүмкүн.
WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox,
WEV 17-125 Quick Inox RT машинасын ошондой
эле жылмалоочу машина катары колдонууга
болот.
b) Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн
багытталган. Электр шайманын максатынан
башка багытта колдонуу кооптуу абалга же
жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. (WEV 15-
125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-
125 Quick Inox RT машинасына тиешелүү эмес.)
c) Бул электр шайманы үчүн өндүрүүчү
тарабынан атайы каралбаган жана
сунушталбаган нерселерди колдонууга
тыюу салынат. Андай толуктоочу тетиктер
электр шайманына орнотулса да, коопсуз
иштешине кепилдик бербейт.
d) Иш шайманынын айлануусунун уруксат
берилген жогорку чеги кеминде шаймандын
заводдук тактасында көрсөтүлгөндөй
болууга тийиш. Уруксат берилген
ылдамдыктан тезирээк айланган деталдар
талкаланып, шаймандын айланасына күбүлүп
түшүшү мүмкүн.
e) Иш шайманынын тышкы диаметри жана
калыңдыгы алынган электр шайманынын
эксплуатациялык маалыматына дал келиши
керек. Ченем маалыматы туура эмес
шаймандар жетишсиз майланган же толук
көзөмөлдөнбөгөн болушу мүмкүн.
f) Сайлуу коюлмалуу иш шаймандары
жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички
сайына дал келиши керек. Фналец менен
ронотулган иш шаймандары үчүн коюлуучу
шаймандагы көзөнөктүн диаметри
кабылдоочу фланецтин диаметрина дал
келиши керек. Электр шайманына
бекитилбеген коюлма шаймандар бир калыпта
КЫРГЫЗЧА ky
133

Hide quick links:

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents