Maxwell VT-8431 W Manual Instruction page 26

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
КЫРГЫЗ
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
ЧАЧТЫ ТҮЗДӨТҮҮ
Шайманды узун жана кыска чач үчүн колдонсо болот.
Шайманды соо, боёлбогон, жасалма түрдө тармалдаткан
чачты түздөтүү үчүн же атайы түздөтүүчү каражаттар
менен колдонуңуз.
Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак болуу
зарыл.
Шайманды тегиз, туруктуу жана ысыка чыдамдуу беттин
үстүнө коюңуз.
Электр шнурунун сайгычын электр розеткасына сайыңыз,
азыктандыруунун өчүргүчүн (3) «ON» (шайманды күйгүзүү)
абалына коюңуз, анда иштөө индикатору (2) күйөт.
Эскертүү: Биринчи колдонгондо, ысытуучу элементтен
башкача жыт чыгышы мүмкүн, бул табигый көрүнүш.
Шайман ысыганга 1-2 минута убакытты бериңиз.
Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын)
тутамдарга бөлүңүз.
Тутканы (4) басып, чачтын бир тутамын пластиналардын
(1) арасына салыңыз.
Тутканы (4) бошотуп, көп күчтү салбай иштөөчү
пластиналарды чач тутамдын учуна чейин өткөзүңүз.
МААНИЛҮҮ: пластиналарды чачтын бир жеринде эки
секундадан көп убакытка эч качан кармабаңыз.
Андан кийин кийинки тутамын түздөтүүгө өтүңүз.
Шайманды 30 минутадан көп колдонбоңуз.
Чачты акыркы жасалоонун алдында чачты муздатыңыз.
Шаймандын ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга жана
башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгенден абайлаңыз.
Шайманды колдонгондон кийин өчүргүчүн (3) «OFF»
(шайманды өчүрүү) абалына которуңуз, иштөө индикатору
(2) өчөт, андан кийин электр шнурунун сайгычын
розеткадан чыгарыңыз. Шайманды муздатыңыз.
Эскертүү: Шайманды колдонбогон учурларда аны ар
дайым өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз. Электр
тармагына туташтырылган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
Сиз зулптарды дагы жасасаңыз болот, ал үчүн чач
тутамынын учун кыпчып, чачты шаймандын сырткы
жагына түрүп, бир аз күтүп, зулпту шаймандан чечип
алыңыз.
26
16.03.2017 12:17:19

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents