Vitek VT-2554 Manual Instruction page 25

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
ТРИММЕР VT-2554
Триммер денедеги түктөрдү алат.
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Батарейка салынуучу жердин капкагы
1.
Триммерди өчүрүп/күйгүзгүч «ON/OFF»
2.
Кошумча жабдык орнотулуучу жер
3.
Денедеги түктөрдү алган триммер
4.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Триммерди колдонуп баштаардан мурун, ушул нускаманы
жакшылап окуп чыгып, маалымат материалы катары
сактап коюңуз. Триммерди ушул нускамада көрсөтүлгөн
максаттан башка максаттарда колдонууга болбойт.
Шайманды туура эмес пайдалансаңыз, ал бузулуп,
колдонуучуга же анын мүлкүнө зыян келтириши мүмкүн.
• Триммердин топтомуна кирген кошумча жабдыктарды
гана колдонуңуз.
• Температурасы жогору жана салыштырма нымдуулугу
80% ашкан жерлерде колдонууга болбойт.
• Шайманды адамдын денесиндеги түктөрдү алуу үчүн
гана колдонуңуз.
• Жасалма түктөрдү жана жаныбарлардын түктөрүн
алууга болбойт.
• Триммердин кошумча жабдыгын туура орнотуп алып
туруп гана пайдалана баштаңыз.
• Кошумча жабдыкты орнотоордон мурун, триммерди
электр кубатынан ажыратып коюңуз.
• Гигиенаны сактоо максатында, триммерди бир гана
адам колдонушу керек.
• Кошумча жабдыгы бузулуп калса, аны триммерге
орнотуп пайдаланууга болбойт.
• Триммерди кошумча жабдыгынын бычактары оң эмес
болсо, дене-бойго зыян келтириши мүмкүн. Андыктан
кошумча жабдыкты колдонууга болбойт.
• Триммердин кошумча жабдыгынын бычагынын мизи ар
дайым таза болушу керек.
• Триммерди пайдаланып бүткөндөн кийин, алынган
түктөрдү атайын щетканын жардамы менен тазалап
туруңуз.
• Иштеп жаткан триммерди кароосуз калтырууга болбойт.
• Тыныгуу же триммерди пайдаланбаган учурда аны
өчүрүп коюңуз.
• Шайманды такай тазалап туруңуз.
КЫРГЫЗ
25
05.02.2018 15:15:36

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents