Canon SELPHY SQUARE QX10 Getting Started page 492

Compact
Hide thumbs Also See for SELPHY SQUARE QX10:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 97
Смарфондун экранындагы түстөр кагазга басылган түстөрдөн
айырмаланат.
Түстү чагылдыруу ыкмалары смартфондун экрандары менен кагазга
басууда айырмаланат. Экранды көрүү учурундагы чөйрөгө (жарык
берүү түсү жана интенсивдүүлүгү) жана экрандын түс жөндөөлөрүнө
жараша да түстөр айырмаланат.
Кагазга басуу көпкө созулуп жатат.
Принтер белгилүү температурага жеткенде же андан ашканда
кагазга басуу тындырылат. Бул бузулуунун белгиси эмес. Кайра
кагазга баспай бир аз күтө туруңуз же кубатын өчүрүп, принтер
муздагыча күтө туруңуз.
Тынымсыз кагазга басып жатканда, айланадагы температура жогору
болсо жана принтердин ичи ысып кеткенде кагазга басуу маал-
маалы менен тындырылып турат.
Кагазга басуу жөндөөлөрүнө жараша тыныгуулардын саны көбөйүшү
мүмкүн.
Кагазга басуу токтотулбай жатат.
Кагазга басууну жарты жолдон жойсоңуз да, аткарылып жаткан
кагазга басуу аракети аяктагыча ал токтобойт.
Бир нече барак кагазга басылып жатканда жарты жолдон жоюлса,
учурдагы барак аягына чыккыча кагазга басуу улантылат.
Кагаз
Кагаз талаптагыдай берилбей же бат-бат чайналып жатат.
Кагаздын туура коюлганын текшериңиз. (= 7)
Кагаз сыйрылып, бүктөлүп калбагандыгын жана ага мурда
басылбагандыгын текшериңиз.
11 же андан көп барак жүктөлбөгөндүгүн текшериңиз.
Көрсөтүлгөн кагаздан башка кагаз колдонулбаганын текшериңиз.
(= 3)
Барактар көрсөтүлгөн санда басылбай же кагаз калып жатат.
Эгер сыя кассетасындагы боёк түгөнсө, кагаз калып калышы мүмкүн.
14

Hide quick links:

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents