Canon SELPHY SQUARE QX10 Getting Started page 490

Compact
Hide thumbs Also See for SELPHY SQUARE QX10:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 97
Мүчүлүштүктөрдү оңдоо
Мүчүлүштүктөрдү оңдоо
Эгер принтер туура эмес иштеп жатат деп ойлосоңуз, адегенде
төмөндөгү мисалдарды карап, принтерди текшериңиз. Тиешелүү
элементтерди текшергенден кийин абалы жакшырбаса, Кардарларга
көмөк көрсөтүү кызматына кайрылыңыз.
Кубат
Кубаты күйбөй жатат.
Батареянын деңгээлин текшериңиз.
Эгер батарея кубатталбай жатса, ичке зым менен Мажбурлап
өчүрүүнү которуу (= 4) баскычын басып, батареяны кайра
кубаттаңыз.
Кубаттоо
Батарея кубатталбай жатат.
Кагазга басуу учурунда батарея кубатталбайт. Батареяны кагазга
басуу абалынын Күтүү режиминде же Кубаты өчүк абалында
кубаттаңыз.
Тиешелүү батарея кубаттагычын колдонуңуз.
Эгер батарея кубатталбай жатса, ичке зым менен Мажбурлап
өчүрүүнү которуу (= 4) баскычын басып, батареяны кайра
кубаттаңыз.
Батарея тез эле отуруп калып жатат.
Температура төмөн болсо, батареянын майнаптуулугу азаят.
Кагазга басуу жөндөөлөрүнө жараша, батарея көбүрөөк
керектелиши мүмкүн.
Кагазга басуу абалынын Күтүү режиминде батарея кубаты
керектелет. Бир жолу кубаттоо менен басыла турган барактардын
санын көбөйтүү үчүн кагазга басуу аяктаган сайын кубатты өчүрүү
сунушталат.
Колдонмо батареянын болжолдуу деңгээлин көрсөтөт жана кагазга
басуу шарттарына жараша батарея тез эле отуруп калышы мүмкүн.
Колдонуудан кийин батареяны эртерээк кубаттап коюу сунушталат.
12

Hide quick links:

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents