Vitek VT-1330 Manual Instruction page 31

Hide thumbs Also See for VT-1330:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Түзөткүчтү туруктуу, тегиз, ысыкка чыдамдуу бетке
жайгаштырыңыз.
Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар
дайым түзмөктү электр тармагынан сууруңуз.
Тармактык шнурдун айрысын электр розеткасынан
сууруганда шнурду кармап эч качан тартпаңыз, айры-
сынан кармаңыз.
Шаймандын корпусун жана сайгычын суу колуңуз
менен тийбеңиз.
Түзмөктү ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол
жерлерде сактабаңыз, түзмөктүн корпусун, кубаттуу-
чу сайгычын же электр шнурун сууга же башка суюк-
туктарга салбаңыз.
Ваннада киринген учурда түзмөктү колдонбоңуз.
Түзмөк сууга түшкөн болсо, дароо тармактык айры-
сын электр розеткасынан сууруп, андан кийин гана
түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонул-
ган полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!
Шайман иштеген учурда балдарга шаймандын кор-
пусун, электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын тий-
генге уруксат бербеңиз.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
Шайман иштеп турган учурда жанында балдар же
жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар бар болгондо өзгөчө
абайлап туруңуз.
Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
Шайман иштеп турганда же иштөө циклдердин ара-
сында аны балдар жетпеген жерде сактаңыз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагы-
нан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде бал-
дар да) адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы
же билими жок болгон адамдар, эгерде алардын
коопсуздугуна жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн ылайыкташты-
рылган эмес.
Уйкулуу абалда болсоңуз, түзмөктү колдонбоңуз.
КЫРГЫЗ
31

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents