Metabo BS 18 L Original Instructions Manual page 75

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 11
Ар бир тууралоо, тетигин алмаштыруу,
техникалык тейлөө же тазалоо алдында
аккумулятор блогун чыгарып салыңыз.
Батареяны ордуна салуунун алдында, электр
инструмент өчүк экендигин тактагыла.
Тегеренүүчү бөлүгүн кармоого тыюу салынат!
Күкүмдөрдү жана ушу сыяктууларды тазалоодо
инструмент өчүрүлгөн абалда гана болсун.
Сыйгалануудан же айлануудан сактоочу
бөлүктү орноткула (мисалы, бекиткичтерди
бекитүүнүн жардамы менен).
Жарыкдиоддук лампа (13): оптикалык орноткуч
аркылуу жарыкдиоддук нурларды түз
карабагыла.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ Күйүп турган лампаны
карабаңыз.
Чаңдын чыгышын азайтуу:
ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган
наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу
станокторду колдонгондо, жылмалоодо,
аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда
пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса
кемтик жана репродуктивдүү функциянын
башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар
камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык
заттардын айрым мисалдары:
- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
- кирпичтен, цементтен жана башка тизүү
материалдарынан чыккан минералдуу чаң
жана
- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан
мышьяк жана хром.
Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч
операторлор мындай жумушту канчалык көп
аткарганына жараша айырмаланат. Бул
химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы
аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо
каражаттары, мисалы, микроскоптук
бөлүкчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип
чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө
керек.
Бул башка материалдардын да чаңына
тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөрү
(дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар,
асбест. Башка кеңири тараган ооруларга
аллергиялык реакциялар, дем алуу
органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү
оператордун организмине киргизбеш керек.
Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин
түрү боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде
белгиленген нускамаларды жана улуттук
эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук
жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча
эрежелерди) сактоо керек.
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн
аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.
Иштин ар бир түрүнө ылайыктуу
аксессуарларды колдонгула. Аны менен
айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат.
Чаңды кетирүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды
колдонгула.
Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө:
- пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана
жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө,
жаныңардагы адамдарга же туруп калган
чаңга багыттабагыла,
- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды
колдонгула,
- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын
ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо
керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чаңды
кайра көтөрөт.
- Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен
тазалап же жууш керек. Үйлөбө, чаппа жана
щетка менен тазалаба.
Литий-ион аккумуляторлорун транспорт
менен ташуу:
Ион литий кошулган аккумуляторлору коркунуч
жүктөрү тууралуу мыйзамдарынын
талаптарына туура келет (UN 3480 жана UN
3481). Литий-иондук аккумуляторлорду
жөнөтүүдө алар үчүн учурдагы транспорт
аркылуу ташуу боюнча эрежелерин тактап
алгыла. Жүктөрдү ташуу менен иштеген
ортодогу фирмалардан зарыл маалыматтарды
алсаңар болот. Тастыкталган таңгакты
Metabowerke GmbH немис компаниясынан
алсаңар болот.
Аккумуляторлор бузулбаган корпуста жана
суюктугу агылбаган учурда гана траспорт
аркылуу ташылат. Жөнөтүүнүн алдында
жабдыктан батареяны алып салуу керек. Ток
чыкбашы үчүн ачык контакттарды коргоо керек
(мисалы, изолента менен).
5. Иллюстрациялар (сүрѳттѳр)
Иллюстрацияларды эксплуатациялоо
нускамасынан башынан караңыз.
Символ түшүндүрмѳсү:
Кыймыл багыты
Сверлолор
Жай (шашпай)
Бат
Биринчи ылдамдык
Экинчи ылдамдык
Буроо / Айландыруу учурунун чектелиши
Тешүү / макс. айландыруу учуру
Ургулап тешүү
Айландыруу учуру
Nm
6. Кыскача билдирүү
Сүрѳт А
1 Тез алына турган патрондор
2 Тууралоочу втулка
(Айландыруу учурунун чектелиши)
3 Тууралоочу втулка
- Буроо / Айландыруу учурунун чектелиши
КЫРГЫЗЧА ky
75

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Bs 18 l quickBs 1800 l plusSb 18 l

Table of Contents