Canon SELPHY SQUARE QX10 Getting Started page 495

Compact
Hide thumbs Also See for SELPHY SQUARE QX10:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 97
Басылган сүрөттөрдү сактоо
Сүрөттөргө символдорду жазуу үчүн өчпөгөн маркер колдонуңуз.
Кагазга басылган жерлердин өңү өчүп калбашы үчүн сүрөттөрдү
40°C температурадан жогору, нымдуу же чаңдуу жана күн нуру түз
тийген жерлерде сактабаңыз.
Кагаздын басылган бетине жабышчаак ленталарды чаптабаңыз,
винилдүү стол килемчесине, таанытма картасынын кутусуна же
пластик өчүргүчкө тийгизбеңиз, кагаздын басылган бетине спирт
сыяктуу учма эритиндилерди колдонбоңуз же кагазга басылган бетин
башка объекттерге ж.б. тийгизбеңиз. Бул өңдүн бузулушуна, өңдүн
өчүшүнө же түс өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн.
Сүрөттөрдү альбомго сактап жатканда нейлон, полипропилен же
целлофан чөнтөктүү альбом тандаңыз.
Кагаздын басылган бети сактоо абалына жана мөөнөтүнө
жараша өңү өчүшү мүмкүн. Canon буга жоопкерчиликте эмес.
Кагазга баскандан кийин тазалоо
Кубатын өчүрүңүз.
Принтерге жүктөлгөн кагаз жана сыя кассетасын сактаңыз.
Принтерди караңгы, чаң жана кир болбогон түз жерге сактаңыз. Чаң
же кир принтерге кирип кетсе, сүрөттөргө ак сызыктар түшүшү же
башка бузулуулар орун алышы мүмкүн.
Ачылбаган кагазды жана сыя кассетасын караңгы жерге
сактаңыз.
17

Hide quick links:

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents