Metabo BS 14.4 Original Instructions Manual page 78

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 9
ky
КЫРГЫЗСЧА
көздү таза суу менен абдан жууп жана тезинен
медициналык жардамга кайрылгыла!
Аккумуляторго суу тийгизбегиле!
Жакшы иштебеген же деформацияланган
батареяны колдонууга тыюу салынат!
Аккумулятордук батареяны жылуулукка
жана отко жакындатпагыла!
Батареяны ачууга тыюу салынат!
Аккумулятордун контакттарын кармабагыла,
зымдардын биригишине жол бербегиле!
Иштебеген инструменттин батареясын алып
салгыла.
Ар кандай түздөөлөрдүн жана техникалык
тейлөөлөрдүн алдында батареяны алып
салгыла.
Батареяны ордуна салуунун алдында, электр
инструмент өчүк экендигин тактагыла.
Тегеренүүчү бөлүгүн кармоого тыюу салынат!
Күкүмдөрдү жана ушу сыяктууларды тазалоодо
инструмент өчүрүлгөн абалда гана болсун.
Сыйгалануудан же айлануудан сактоочу
бөлүктү орноткула (мисалы, бекиткичтерди
бекитүүнүн жардамы менен).
Жарыкдиоддук лампа (10): оптикалык орноткуч
аркылуу жарыкдиоддук нурларды түз
карабагыла.
Чаңдын чыгышын азайтуу:
Перфоратор менен иштөөдө пайда бөлгөн
бөлүкчөлөрдө рак, аллергиялык
реакцияларды, респиратордук ооруларды
туубаса деффекттерди жана репродуктивдик
функцияларды бузууну алып келүүчү заттар
болушу мүмкүн. Мындай заттардын кээ бир
мисалдары: коргошун (коргошун кошулган
боектордо), минералдык чаң (кирпичте,
бетондо ж.б.) жыгачты иштеп чыгарууга
кошулуучу заттар (хромат, жыгач үчүн
антисептиктер), жыгачтын кээ бир түрлөрү
(мисалы, эмен жана кагаздын чаңы), металл,
асбест.
Коркунучтун жогорулугу талап кылуучу же
башка жанындагы адамдар канчалык көп кабыл
болгонуна жараша болот.
Бөлүкчөлөрдү организмге киргизбегиле.
Мындай заттардын таасирин төмөндөтүү үчүн
жумушчу орунду аба алмаштыргыч менен
камсыздап, микроскопикалык бөлүкчөлөрдү
өткөрбөй турган респираторлор сыяктуу
тийиштүү коргоочу жабдыктарды кийүү керек.
Материалдар, жумушчулар менен иштөө
боюнча, иштин түрү жана анын жайгашкан
жерин аныктоо боюнча белгиленген
эрежелерди сактагыла (мисалы, техникалык
коопсуздук, утилизация боюнча эрежелер).
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн
аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.
78
Иштин ар бир түрүнө ылайыктуу
аксессуарларды колдонгула. Аны менен
айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат.
Чаңды кетирүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды
колдонгула.
Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө:
- пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана
жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө,
жаныңардагы адамдарга же туруп калган
чаңга багыттабагыла,
- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды
колдонгула,
- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын
ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо
керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чаңды
кайра көтөрөт.
- Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен
тазалап же жууш керек. Үйлөбө, чаппа жана
щетка менен тазалаба.
Литий-ион аккумуляторлорун транспорт
менен ташуу:
Ион литий кошулган аккумуляторлору коркунуч
жүктөрү тууралуу мыйзамдарынын
талаптарына туура келет (UN 3480 жана UN
3481). Литий-иондук аккумуляторлорду
жөнөтүүдө алар үчүн учурдагы транспорт
аркылуу ташуу боюнча эрежелерин тактап
алгыла. Жүктөрдү ташуу менен иштеген
ортодогу фирмалардан зарыл маалыматтарды
алсаңар болот. Тастыкталган таңгакты
Metabowerke GmbH немис компаниясынан
алсаңар болот.
Батареяны анын корпусу бузулбаган жана
суюктук акпай турганда гана жөнөтүңүз.
Жөнөтүүнүн алдында жабдыктан батареяны
алып салуу керек. Ток чыкбашы үчүн ачык
контакттарды коргоо керек (мисалы, изолента
менен).
5. Кыскача билдирүү
2-бетти кара.
1 Бургу кармагычы / бургу кармагычынын
жеңи*
2 Тууралоочу жең (жулкулдоону көзөмөлдөө,
жулкулдоонун максимуму) *
3 Баптоолор
Тегеретип киргизүү/тегеретип чыгаруу,
бургулап тешүү, бургулоо
4 Баптоолор
(тегеренүүчү убагын чектөө) *
5 Иштин режимдерин кайра күйгүзүүчү 1./2.
режими
6 Ременди тигүүчү илме
7 оңго/солго тегеренүүчүнүн күйүзүп өчүргүчү
(айлануунун багытын, күйүзүп өчүргүчтү
блоктоону баптайт)
8 Өчүргүч
9 Тутка
10 Жарыкдиоддук жарык берүүчү
11 Батареяны таңгактан ачуу
12 Батарея таңгагы *
13 Сыйымдуулук жана сигнал көрсөткүчү *

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Bs 14.4 quickBs 18Bs 18 quickSb 18

Table of Contents