Panasonic CS-BE20TKD Operating Instructions Manual page 76

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Маалымат
Кыргызча
Эски жабдыктар менен колдонулган батарейкаларды чогултуу жана аларды
таштандыга ыргытуу боюнча колдонуучулрага маалымат
Өнүмдөр, ороолор жана/же коштолуп берилген документтердеги бул
символдор, "колдонулган электрикалык жана электрондук өнүмдөр жана
батарейкалар жалпы үй чарбасындагы таштандыларга аралаштырылбашы
керек" дегенди билдирет.
Эски өнүмдөр жана колдонулган батарейкаларга карай ылайыктуу
кайрылуу, аларды калыбына келтирүү же таштандыга ыргытуу үчүн аларды
улуттук мыйзамдарыңызга карай, тиешелүү чогултуучу мекемелерге алып
барууңузду өтүнөбүз.
Бул өнүмдөр менен батарейкаларды туура жок кылуу менен, сиз пайдалуу
ресурстардын сакталып калышына жана адамдын ден соолугуна жана
айлана-чөйрөгө тие турган потенциалдуу терс таасирлеринин алдын
алууга жардам бересиз. Терс жагдай, таштандылардын туура эмес
ыргытылганында келип чыкмак.
Эски өнүмдөр менен батарейкаларды чогултуу жана жок кылуу боюнча
кененирээк маалымат алуу үчүн жергиликтүү муниципалитетиңизге,
таштандыларды жөнгө салуучу кызматка же бул нерселерди сатып алган
жердеги сатуу пунктуна кайрылыңыз.
Бул таштандыларды туура эмес жок кылсаңыз, улуттук мыйзамга карай
сизге айып туудурулушу мүмкүн.
Европалык Биримдигиндеги ишкердик колдонуучулары үчүн
Эгер сиз электрикалык же электрондук жабдыктарды таштоону кааласаңыз,
дилериңиз же бул жабдыктар менен камсыз кылуучуга кошумча маалымат
үчүн кайрылыңыз.
[Европалык Биримдик өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөгү таштандыга
ыргытуу боюнча маалымат]
Бул символдор Европалык Биримдик өлкөлөрүндө гана жарактуу болот.
Pb
Эгер сиз бул нерселерди ыргытууну кааласаңыз, жергиликтүү ыйгарым
укуктуу бийликтерге же дилерге кайрылып, таштандыны жок кылуунун туура
ыкмасы боюнча маалымат алыңыз.
Батарейка символун эске алыңыз (түбүндөгү эси символдун
мисалдары):
Бул символ химиялык символ менен бирге колдонулушу мүмкүн. Бул
жагдайда, ал Кошулган химикаттар боюнча директиванын талаптарына
жооп берет.
Продукт, электрондук же электр жабдууларындагы зыян заттарды колдонуу боюнча Техникалык
регламенттин талаптарына (RoHS боюнча TR) ылайык келет.
RoHS ТР №2 -тиркемесинде көрсөтүлгөн курам коркунучтуу заттардын тизмесинен чыгарылган:
1. Коргошун (Pb) – 0,1wt % же 1000wt ppm көп эмес;
2. Кадмий (Cd) – 0,01wt % же 100wt ppm көп эмес;
3. Сымап (Hg) – 0,1wt % же 1000wt ppm көп эмес;
4. Алтываленттүү хром (Cr
5. Полибромдолгон дифенилдер (PBBs) – 0,1wt % же 1000wt ppm көп эмес;
6. Полибромдолгон дифенил эфирлери (PBDEs) – 0,1wt % же 1000wt ppm көп эмес.
76
6+
) – 0,1wt % же 1000wt ppm көп эмес;

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Cu-be20tkd

Table of Contents