Philips PSG7040/10 User Manual page 127

Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 5
Кыргызча
128
Үтүктүн таманын кебээрден тазалоо
Эгер шайманыңызды тез-тезден кебээрден тазалап турбасаңыз, кебээрдин бөлүкчөлөрүнөн улам
үтүктүн таманынан күрөң тактар чыгып жатканын көрүшүңүз мүмкүн. Үтүктүн таманын төмөндөгү
процедура боюнча кебээрден тазалаңыз. Жакшыраак натыйжага жетүү үчүн, процедураны эки жолу
аткарууга кеңеш беребиз.
1 Шайман муздак экенин текшериңиз жана үтүктүн таманын ным чүпүрөк менен тазалаңыз.
2 Суу челегин жана үтүктү үтүк койгучунан чыгарыңыз.
3 EASY DECALC сарпкапкагын чыгарып, сууну EASY DECALC тешиги аркылуу төгүңүз.
4 Шайманды EASY DECALC тешиги өйдө карагандай кылып кармап, тешикке бөтөлкө же чыны менен
500мл суу куюңуз. (Сүр. 20).
Эскертүү: Бойлерди крандагы суу менен толтурбаңыз.
Эскертүү: Шайманды эңкейтип жатканда, ал оор экенин эске алыңыз.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат, үтүктөө
каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды колдонбоңуз. Алар
суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
5 EASY DECALC тешигин өйдө каратып кармап, EASYDECALC сарпкапкагын кайра салып, бекитүү үчүн
сааттын жебеси боюнча бураңыз (Сүр. 21).
6 Шайманды кайра туруктуу, түз жерге коюңуз. Суу челегин жарымына чейин толтуруңуз. Шайманды
күйгүзүп, 5 мүнөт күтүп туруңуз.
7 Буу машасын коё бербей басып, калың кездеменин бир нече кесимин 3 мүнөткө чейин үтүктөңүз
(Сүр. 22).
Көңүл буруңуз: Үтүктүн таманынан ысык, кир суу (100-150 мл жакын) чыгат.
8 Үтүктүн таманынан суу чыкпай калганда тазалоону токтотуңуз.
9 Шайманды дароо колдоно берсеңиз болот. Же болбосо, кебээрден тазалоо бүткөндөн кийин,
шайманды сууруп коюңуз.
Сактоо
1 Шайманды өчүрүп, андан соң розеткадан сууруңуз.
Эскертүү: ар бир колдонгондон кийин суу челегин бошотуу сунушталат.
2 Үтүктү үтүк түпкүчүнө коюп, бекитүү кулпусу баскычын басып кулпулаңыз (Сүр. 23).
3 Шайманды толук муздатыңыз.
4 Жеткирүү шлангын бүктөп, сактоо бөлүмүнүн ичине ороңуз (Сүр. 24).
5 Электр шнурун бүктөп, Velcro лентасы менен байлаңыз.
6 Үтүк үтүк койгучка бекитилип турган кезде, аны туткасынан кармап бир колуңуз менен көтөрүп
жүрсөңүз болот.
Мүчүлүштүктөрдү жоюу
Бул бөлүм сиз шайманды иштетүүдө кез келген жалпы көйгөйлөрдү камтыйт. Эгер көйгөйдү
төмөндөгү маалымат менен чече албасаңыз, www.philips.com/support баракчасынан көп берилүүчү
суроолорду караңыз же өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз.
Көйгөй
Үтүктүн таманынан кир
суу, күрөң тактар же ак
кебектер чыгып жатат.
Себеп
Шайманды кебээрден маал-маалы
менен тазалабагандыктан, анын
ичине кебээрлер чогулуп калган.
Чечим
Шайманды жана анын таманын
кебээрден тазалаңыз ("Тазалоо
жана тейлөө" бөлүмүн караңыз).

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Perfectcare 7000 seriesPsg7014

Table of Contents