Кыргызча - Philips PerfectCare PSG6066/20 Manual

Hide thumbs Also See for PerfectCare PSG6066/20:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
22 КЫРГЫЗЧА
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана
Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган
колдоону толук пайдалануу үчүн өнүмүңүздү
www.philips.com/welcome баракчасынан
каттоодон өткөрүңүз.
Маанилүү
Шайманды колдонуудан мурда маанилүү
маалымат камтылган буклетти жана
колдонуучунун нускамасын кылдат окуп
чыгыңыз. Эки документти тең келечекте
кароо үчүн сактап коюңуз.
Бул шайман үйдө колдонуу үчүн гана
иштелип чыккан. Коммерциялык максатта
колдонулса, туура эмес колдонулса же
нускамалар туура аткарылбаса, өндүрүүчү
жоопкерчилик албайт жана кепилдик
берилбейт.
Коркунуч
Шайманды эч качан сууга салбаңыз
Эскертүү
Эгер электр ачакейи, шнур, буу жеткирүүчү
шланг же шаймандын өзүндө көзгө
көрүнгөн ачык бузулуу болсо, же
шайман жерге кулап түшкөн болсо
же андан суюктук агып чыгып жатса,
шайманды колдонбоңуз. Оңдоо же
тейлөө үчүн шайманды Philips, Philips
ыйгарым укук берген тейлөө борбору же
ошондой квалификацияга ээ адамдарга
көрсөтүшүңүз керек.
Шайманды туташтыруудан мурда
фирмалык тактада көрсөтүлгөн чыңалуу
жергиликтүү тармактын чыңалуусуна дал
келерин текшериңиз.
Шайман электр тармагына туташып
турганда, аны көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Эгер коопсуз пайдалануу боюнча
нускамалар берилсе же коопсуз
пайдалануу үчүн көзөмөл алдында болсо
жана коркунучтар тууралуу кабарланган
болсо, бул шайманды 8 жаштан өткөн
балдар жана физикалык жактан, сезүү
жөндөмү же акыл-эси чектелген адамдар
же тажрыйбасыз адамдар колдоно алат.
8 жаштан өткөн балдарга бир гана
чоңдордун көзөмөлүндө шайманды
тазалоого, кебээрди кетирүүгө же
катмарды тазалоо процедурасын
жүргүзүүгө уруксат берилет.
Балдарга шайман менен ойноосуна жол
бербеңиз.
Шайман күйгүзүлгөн же муздап жаткан
учурда аны жана тармак шнурун 8 жашка
чыга элек балдардан алыс кармаңыз.
Шаймандан чыккан буу күйгүзүп
жибериши мүмкүн болгондуктан, аны
кылдат пайдаланыңыз жана эч качан
адамдарды же жаныбарларды көздөй
багыттабаңыз.
Электр шнурун жана буу жеткирүүчү
шлангды үтүктүн ысыган таманына
тийгизбеңиз.
Үтүктөө учурунда күйгүзүп албоо үчүн буу
чыгып жатканда манжаларыңызды же
колуңузду таманынан алыс кармаңыз.
ЭСКЕРТҮҮ: Ысыган үстүңкү катмар
Колдонуу учурунда үстүңкү
катмарлар ысып кетет
(шаймандын үстүндө ысык
белгиси коюлган үтүктөр үчүн).
Эскертүү
Кебээрди тазалоо жүрүп жатканда
шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
"Тазалоо жана тейлөө" бөлүмүндөгү
нускамаларга ылайык буу генераторун
кебээрден тазалаңыз.
Кебээрди тазалоо процессин ар дайым
Кебээрди тазалоо контейнери менен
аткарыңыз жана процессти үзгүлтүккө
учуратпаңыз.
Кебээрди тазалоо процессинде ысык суу
чыгып жаткандыктан,үтүктү арткы бетине
тургузбаңыз.
Кебээрди тазалоо процессинен кийин
кебээрди тазалоо контейнери ысып калат.
Ал муздагыча болжол менен 5 мүнөт ага
тийбей туруңуз.
Шайманды тегиз, ысыкка чыдамдуу
катмарда колдонуу керек. Үтүктү
түпкүчүнө койгонуңузда, ал коюлган
катмар туруктуу экендигин текшериңиз
Түпкүч - үтүктүн арткы бети же
иштетилбеген учурда коюла турган бөлүгү.
Шайманды жерге туташтырылган
розеткага гана сайыңыз.
Электр ачакейин розеткага саюудан мурда
шнурду толугу менен чечиңиз.
Үтүктүн темир платформасы жана таманы
аябай ысып кетиши мүмкүн жана ага
тийгенде күйгүзүп жибериши ыктымал.
Эгер буу генераторун жылдырам десеңиз,
темир платформага тийбеңиз.
Үтүктөп бүткөнүңүздөн кийин, шайманды
тазалап жатканыңызда, буу генераторун
бошотуп же толтуруп жатканыңызда жана

Hide quick links:

Advertisement

Table of Contents
loading

Table of Contents