Philips HF3650 Manual page 32

Hide thumbs Also See for HF3650:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Кыргызча
34
Кун чыгышынын симуляциясы
RelaxBreathe
Күндүн батышын симуляциялоодо лампанын жарыгы акырындык менен
төмөндөйт, түстөр ачык сарыдан жылуу кызгылт сары түскө, анан жумшак
кызылга чейин өзгөрөт. Күндүн батышын симуляциясынын узактыгын жана
күндүн батышынын баштапкы жарык интенсивдүүлүгүн жөндөй аласыз.
Күндүн батышын симуляциялоодо акырындык менен өчө турган үндү
тандай аласыз. Үн булагын жана баштапкы денгээлди жөндөй аласыз.
Табигый үн, радио* же үнсүздүн арасынан бирин тандай аласыз. Музыка
ойнотуучу түзмөктү AUX оюкчасына туташтырып, өз музыкаңызды ойното
аласыз.
*HF3653 моделинде радио жок.
RelaxBreathe дем алуу программасынын негизи катары курсак менен дем
алуу техникасын колдонот. Сиз жарык же үн менен бирге дем алуу
программаларынын бирин тандай аласыз. Курсак менен дем алуу көнүгүүсү
менен Уктоо жана ойгонуу лампасынын айкалышы өзүңүздү жайлуу жана
эркин сезүүңүзгө өбөлгө түзөт.
Алдын ала орнотулган дем алуу ыргагы менен бирге жети эс алуу
программасынын бирин тандай аласыз. Ар бир эс алуу программасынын ар
башка дем алуу ыргагы болот. "4 дем алуу" программасы бир мүнөттө 4 дем
алууга алдын ала жөндөлгөн. "5 дем алуу" программасы бир мүнөттө 5 дем
алууга алдын ала жөндөлгөн. Ар кийинки программада бир мүнөттө
кошумча бир дем алуу болот. Акыркы программа (10 дем алуу) бир мүнөттө
10 дем алууга алдын ала жөндөлгөн.
Тандалган эс алуу программасы учурунда сизди жетектөө үчүн жарык же
үндү тандай аласыз. Дем алып жана дем берип жатканда, жарык же үндү
жолдоңуз.
-
Жарык менен жетектелген кезде, жарык деңгээли жогорулаганда, дем
алыңыз. Ортодо эки жарык күйүп өчөт, демиңизди кармаңыз. Жарык
деңгээли азайганда, акырындык менен демиңизди бериңиз.
-
Үн менен жетектелген кезде, толкундардын үн деңгээли жогорулаганда,
дем алыңыз. Үндүн катуулугу тындырылганда, демиңизди кармаңыз.
Толкундардын үнү азайганда, акырындык менен дем бериңиз.
Жакшыраак эс алуу сезими үчүн жарык менен үндүн коштоосунда каалаган
дем алуу ыргагыңызды жолдоңуз. Муну көзүңүз жабык кезде да аткара
аласыз.
Бул сүрөтчөнү басып, эс алуу программасын жөндөй аласыз. 5, 10 же 15
мүнөттүк узундукту тандай аласыз.
Эс алуу үчүн курсак менен дем алуу
Курсак менен дем алуу - бул адамдардын эс алуусуна жардам берүүчү эң
таанымал дем алуу көнүгүүсү. Курсагыңыз менен дем алганыңызда,
диафрагмаңыз автоматтык түрдө ылдыйлайт. Бул өпкөңүздүн
ылдыйлашына себеп болуп, толук жана терең дем алууңузга өбөлгө түзөт.
Көңүл буруңуз: Эгерде сиз бул дем алуу көнүгүүсү убагында,
кандайдыр бир учурда өзүңүздү ыңгайсыз сезсеңиз, кадимки дем
алууңузга кайтыңыз.

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Hf3651Hf3653Hf3654Hf3650/70

Table of Contents